Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

Болот Темировдун соту: "Интел линкстин" башчысы көрсөтмө берди


Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралды. 23-ноябрь, 2022-жыл.
Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралды. 23-ноябрь, 2022-жыл.

Бүгүн, 23-ноябрда Бишкек шаардык сотунда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши каралып жатат. Сот жараянында буга чейин Кыргызстанда паспорт жасап келген "Интел линкс" компаниясынын башчысы Таалайбек Жумадылов ошол маалдагы паспорт берүүнүн жол-жобосу тууралуу күбө катары көрсөтмө берди. Азыр тараптардын жарыш сөзү башталды.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунда судья Акылбек Адимов Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ал боюнча да актоо чечимин чыгарган. Судья Темировго тергөөчүлөр койгон айыптарга далил көрө албаганын белгилеген. Ал эми документ жасалмалоо деген берене боюнча айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген.

Ага чейинки отурумда мамлекеттик айыптоо сотко Темировду беш жылга жалпы тартиптеги колонияга камоону сунуш кылган. Прокурор Мээрим Алиева аны өлкөдөн чыгаруу тууралуу да маселе көтөргөн.

Прокуратурадан райондук соттун чечимине каршы шаардык сотко арыз жөнөтүлгөнү ушул айдын башында белгилүү болгон. Темиров прокуратура "журналист 2010-жылдын 26-октябрында Кыргызстандын жаранынын мыйзамсыз алынган паспортун көрсөткөн, анын иш бөлмөсүн тинтүү учурунда баңгизат табылган" деген жүйө келтирип жатканын билдирген.

Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон.

Анын алдында Болот Темировдун Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ошол эле күнү Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG