Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:45

Мирзиёев Парижге барганда активисттер акцияга чыгышты


 Мирзиёев жубайы менен Парижге келген учур. 21-ноябрь, 2022-жыл.
Мирзиёев жубайы менен Парижге келген учур. 21-ноябрь, 2022-жыл.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин Францияга расмий сапар жасаган учурда активисттер Париждеги Сэнт-Августин аянтында акция өткөрүштү.

"Бизди угуңуз!" деген акцияны "Борбор Азиядагы адам укуктары" уюмунун жетекчиси Надежда Атаева уюштуруп, ага катышкандар Өзбекстандагы адам укуктары тебеленген жагдайларга нааразылык билдирген сүрөттөрдү жана жазууларды көтөрүп турушту. Атаева "Азаттыктын" өзбек кызматына берген маегинде Өзбекстандагы сот системасында "адилетсиздик, жемкорлук уланып жатканын, соттор аткаминерлерге кызмат кыларын" айтты. Акция бул көйгөйгө эл аралык коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн Мирзиёевдин сапарынын тушунда өткөрүлдү.

Шавкат Мирзиёев эки күндүк расмий сапар менен Парижге 21-ноябрда барды. Бул анын соңку төрт жылда Францияга жасаган экинчи сапары.

Мурдараак Батыш басылмалары Өзбекстан Евробиримдиктен орусиялык олигарх Алишер Усмановго киргизилген санкцияларды алып салууну суранганын жазышкан. Өзбек бийликтери буга комментарий бере элек.

Францияга сапар Орусиянын Украинадагы согушунун жана Өзбекстанда газ жана электр энергиясы улам өчүрүлүп жаткан учурга туш келди. Париждеги жолугушууларда энергиткалык кризис маселеси да талкууланары айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG