Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:19

Адам өлүмүнө айыпталган мурдагы милиционер 16 жылга кесилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Патрулдук милициянын мурдагы кызматкери Жакупбек Дулатбек уулу адам өлүмүнө айыпталып, 16 жылга эркинен ажыратылды. Бишкектин Свердлов райондук соту 22-ноябрда чыгарган өкүмгө ылайык, ал Чыңгыз Абдыраевдин өлүмүнө айыптуу деп табылып, жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги колонияда өтөмөй болду жана андан кийин үч жыл бою укук тартибин коргоо органдарында иштөө укугунан ажыратылды.

Дулатбек уулу менен кошо милициянын патрулдук кызматынын мурдагы үч инспекторуна кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылып, ар бирине 7,6 жылдык жаза чегерилди, бирок соттун чечими менен алар үч жылга пробациялык көзөмөлгө алынмай болушту.

Өкүмгө каршы болгондор бир ай ичинде шаардык сотко даттана алышат, эгер андай арыз берилбесе, өкүм күчүнө кирет.

2021-жылдын 27-августунда Жибек Жолу жана Гоголь көчөлөрүнүн кесилишинде болгон окуя коомчулукта чоң резонанс жараткан. Алгач милиция патрулдук кызматкери менен уруша кеткен Чыңгыз Абдыраев анын тапанчасын тартып алууга аракет кылган деп маалымдаган, бирок кийин интернетте тараган видеодо Абдыраев четте турган кезде ага тапанчадан ок атылганы көрүнүп турганын адистер айтып чыгышкан.

Шектүү катары Жакупбек Дулатбек уулу кармалып, дагы 22 милиционер жазага тартылган. Негизги айыпталуучу ошондон бери Бишкектеги №1 тергөө абагында кармалууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG