Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Катар-2022: Жемкорлук, мигранттар жана миллиарддар


Катарда Футбол боюнча дүйнө чемпионаты башталгыча эле адам укуктарынын бузулушуна, спорттук жайларды куруудагы курмандыктарга байланыштуу ызы-чуу менен коштолду.

Перс булуңундагы бул араб мамлекети мундиалды өткөрүү үчүн 200 миллиард доллар сарптады. Алгачкы жолу күз-кышта өткөрүлүп жаткан чемпионатта ким жеңүүчү болот деген суроо күйөрмандардын бүйүрүн кызытууда.

Катардын тандалышы

2022-жылы Футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат Катарда өтөрү мындан 12 жыл мурда Цюрихте белгилүү болгон. Мундиалды өткөрүүгө талапкер мамлекеттердин арасынан финалга АКШ менен Катар чыккан. Добуш берүүнүн жыйынтыгында мелдештер биринчи жолу Жакынкы Чыгышта, мусулман мамлекетинде өтөрү жарыяланган. Ошондо эле бир катар журналисттик иликтөөлөр Катардын тандалышында коррупция бар экенин аныкташкан.

Чемпионаттын ачылышына эки апта калганда Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) мурдагы президенти Жозеф (Зепп) Блаттер оюнду Катарда өткөрүү чоң ката болгонун моюнуна алды. Анын айтымында, чечүүчү добушту Франциянын мурдагы лидери Николя Саркозинин өтүнүчү менен УЕФАнын экс-президенти Мишел Платини берген.

"Албетте, кеп акча тууралуу да болгон. Жарым жылдан кийин Катар Франциядан 14,6 миллиард долларга аскердик учактарды сатып алган",-деди Блаттер.

2015-жылдын декабрь айында Зепп Блаттер менен Европалык футбол федерациялар биримдигинин (УЕФА) башчысы Мишел Платини футбол ишмердигинен сегиз жылга четтетилип, быйыл эле акталышты.

Кошмо Штаттардын Федералдык иликтөө бюросунун маалыматына ылайык, соңку 20 жылда ФИФАнын аткаминерлери жалпысынан 150 миллиондой доллар пара алган жана бул нерсе Орусия (2018-жыл) менен Катардын чемпионат өткөрүү укугун алганга таасирин тийгизген.

Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи. 20-ноябрь, 2022-жыл. Доха.
Футбол боюнча дүйнө чемпионатынын ачылыш аземи. 20-ноябрь, 2022-жыл. Доха.

Курулушта каза болгон мигранттар

Футбол чемпионаты 2022-жылы Катарда өтөрү белгилүү болору менен курулуш иштери башталган. Ага негизинен Индия, Непал, Шри-Ланка, Пакистан сыяктуу мамлекеттерден барган мигранттар тартылган.

The Guardian басылмасы жазгандай, 2010-жылдан бери Катарда жалпысынан 6500 мигрант каза болгон. Эл аралык мунапыс уюмунун эсебинде бул сан 15 миңден ашат. Маалыматтарга караганда, мигранттардын өлүмүнө жумуш шартынын начардыгы, медициналык жардамдын убагында көрсөтүлбөгөнү, мээ кайнаткан аптап жана иш берүүчүлөрдүн мамилеси себеп болгон.

Непалдын өкмөтү Катарда курулушта 1400 жараны мерт болгонун ырастады. Укук коргоочу Юбраж Шоналдын айтымында, иш берүүчүлөр жумушчуларга тиешелүү шарттарды түзүп бере алган эмес.

"Алар күнүнө 18-19 саат аптапта иштөөгө аргасыз болушкан. Ошол эле учурда жакшы тамактанышкан эмес, уктаган жайларынын шарты жакшы болгон эмес. Тактап айтканда келишимде жазылганына карабай, аларда атайын уктоочу бөлмөлөр деле болбогон. Мындан улам саламаттыгы күндөн-күнгө начарлай берген", - дейт укук коргоочу.

Ошондой эле курулушта каза болгондордун үй-бүлөлөрү Катар бийлигинен эч кандай компенсация алган эмес. Расмий Доха курулушта 38 гана чет өлкөлүк мерт кеткенин айтууда.

Андан тышкары Катардын бийлигинин сексуалдык азчылыктарга мамилеси сынга алынууда.

Футбол дүйнөсүндө жумушчуларга жасалган мындай мамилеге алгач Норвегиянын курама командасы каршылык билдирип чыгышты. Гибралтар командасы менен ойногондо алар талаага "Адам укуктары талаада жана анын сыртында" деген жазуулары бар кийимчен чыгышкан. Германиянын курама командасы да оюндардын биринде "Адам укуктары" деген жазууну көрсөтүп, тизилишкен.

Чемпионаттын ачылышын утурлай сүйлөгөн ФИФАнын президенти Жанни Инфантино Батыштын Катардагы адам укугун бузуулар тууралуу билдирүүлөрүн "эки жүздүүлүк" катары сыпаттады.

"Биз, европалыктар акыркы 3 миң жылда жасаганыбыз үчүн дагы 3 миң жыл кечирим сурашыбыз керек. Ошондо гана моралдык баа бере алабыз", - деди ал.

ФИФАнын жетекчисинин бул сөзүн эл аралык уюмдар кескин сындашты. Финалдык матч 18-декабрда "Лусаил" стадионунда өтөт. Катар дүйнөдөгү эң бай өлкөлөрдүн бири. Абсолюттук монархия. Калкынын саны 3 миллионго жетпейт. Футбол майрамында бул өлкөгө 1,5 миллионго чейин турист, күйөрмандар бармакчы.

Ким ойнойт жана ким жеңет?

Чемпионат 20-ноябрда Катар-Эквадор командаларынын оюну менен башталды. Мелдешти уюштуруп жаткан өлкө алгачкы оюнунда эле 2-0 эсебинде утулуп калды.

Катардын улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Феликс Санчес мунун себебин аларга тагылган ашыкча жоопкерчилик менен байланыштырды.

"Биз бүгүн өзүбүздүн бардык күчүбүздү көрсөтө албадык. Менимче, ашыкча жоопкерчилик тоскоолдук жаратты окшойт. Биз абдан жаман баштап алдык. Кийинки мелдештерде басым кичине азаят, ошондо биз атаандаштыкка туруштук берип, болгон аракетибизди көрсөтө аларыбызга ишенем".

Бул жолку чемпионатта Орусия менен Украинанын командалары жок. Орусиянын курамасы согуштун айынан тандоо турунда эле четтетилген, ал эми украин футболчулары чечүүчү оюнда Уэльстин командасына утулуп калган. Ошондой эле мундиалга Европанын азыркы чемпиону Италия дагы катышпайт.

Мухаммад Салах, Поль Погба, Карим Бензема сыяктуу футбол жылдыздары дагы ар кандай себептер менен Катарга келе алган жок. Айрымдарына алган жарааттары себеп болсо, башкаларынын курама командалары жолдомо албай калган.

Бул чемпионатта ким утат деген суроо албетте баарынын көңүл борборунда. Көптөр бул жолу түштүк америкалык курамаларга басым жасашууда.

Букмекерлер арасында фавориттердин катарында Бразилия жана Аргентина турат. Аргентинанын курама командасын баштап барган 35 жаштагы Лионел Месси Катардагы чемпионат анын карьерасындагы акыркы таймаш болушу мүмкүн экенин боолгогон. Ошондой эле бул чемпионат Криштиану Роналду үчүн да акыркы болушу мүмкүн. Португалия дагы фавориттердин катарында болгону менен командадагы атмосфера көптөрдү күмөн санатууда.

Башкалары жеңүүчү катары азыркы чемпион Франция, Испания, Германия жана Англияны көрүшөт. Озунуп чыгууга мүмкүнчүлүгү барлардын катарында Белгия, Нидерланд жана Дания бар.

Катар өзү быйыл кожоюн мамлекеттин квотасы менен биринчи жолу чемпионатка катышып жатат. Адатта чемпионатты өткөргөн мамлекет кандайдыр бир ийгиликтерди көрсөтө алат. Маселен, 2018-жылы Орусия чейрек финалга чейин жетсе, 2002-жылы Түштүк Корея жарым финалга чыккан.

Эң кымбат чемпионат

Футбол боюнча 22-дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү Катарга канча турары так санала элек. Айрым эсептерге караганда, ал азыркы чыгым 220 миллиард доллардан дагы көп болушу мүмкүн. Анын 10 миллиард доллары эле сегиз стадиондун курулушуна сарпталды. Калган каражаттар мейманкана, транспорт жана башка инфраструктураны түзгөнгө корогон.

Ошондой эле баш калаа Дохада метрополитен куруу үчүн 36 миллиард доллар кеткен. Андан тышкары Эл аралык Хамад аэропортун кеңейтүүгө жана жүздөн ашуун кымбат мейманкана курууга да ири сумма бөлүнгөн.

Буга чейин Бразилияда (2014-жылы) жана Орусияда (2018-жылы) өткөн чемпионаттар эң кымбат деп саналып келген. Алардын ар бирине 15-17 миллиард доллар сарпталган.

Чемпионаттагы башка өзгөчөлүктөр

Чемпионаттын ачылышына эки күн калганда Катардын бийлиги стадиондордо сыра сатууга тыюу салды. Биринчи жолу чемпионатта Катарда өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы жолу аял-реферилер калыстык кылат. Башкы арбитрлердин арасында франциялык Стефани Фраппар, руандалык Салима Мукансанга жана жапониялык Йошими Ямашита бар. Алардын жардамчылары да аялдар болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG