Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:36

Катар-2022: Дүйнө чемпионаты үчүн кыйылган өмүр


Дохадагы стадион. 17-ноябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)
Дохадагы стадион. 17-ноябрь, 2022-жыл (иллюстрациялык сүрөт)

Апта ичинде дүйнөлүк басылмалардын макалаларына сереп. Бул жолу алар Казакстандын геосаясий абалы жана реформалар өзбек экономикасын чыйрак жана ийкемдүү кылганын жазышты.

Токаевдин Назарбаевдин караанысыз өтчү алгачкы шайлоосу

The Diplomat басылмасы 13-ноябрда Казакстандагы президенттик шайлоону утурлай чыгарган макаласында "Касым-Жомарт Токаевдин кызматтагы экинчи мөөнөтүнөн эмне күтсө болот?" деген суроого жооп издеген.

Бенжамин Годуин мамлекет башчынын кайра шайланары талашсыз деген ою менен бөлүшөт. Эмне дегенде калган талапкерлер калың элге белгилүү эмес, бирин да чыныгы оппозициялык саясатчы деп атоого болбойт.

Журналист шайлоо өлкө үчүн маанилүү учурда өтүп жатканын, январь айында Токаевдин бийлиги чоң коркунучка кептелгенин белгиледи. Бирок ал кыйынчылыктарга казак лидери орус президенти Владимир Путиндин колдоосу менен туруштук бергени, Токаевдин бийликти колго топтогону, саясий жана экономикалык реформаларга кадам таштаганы айтылат.

Автор Токаев үчүн шайлоо ыңгайлуу учурда өтүп жатат, анын популярдуулугу жогору деп эсептейт. "Элдик оппозиция жокко эсе, президентке каршы чыгууга дарамети жетет деген элита чачыранды жана Январь окуяларынан кийин чочулап калды" деген ою менен бөлүшкөн.

Годуиндин пикиринде, Токаев өзүн реформатор көргөзгөнү менен, Сингапур же Си Цзинпинге чейинки Кытайдагыдай авторитардык модернизация моделин тандап алган. Макалада өлкөнүн экономикалык абалы жана президенттин экономикалык программасы талданат.

Журналист Токаевге экономикалык реформаларды жүргүзүүдө оңой эмес тандоо жасоого туура келерин, элге күч келип калышы мүмкүн экенин, экономиканы олигархтардын таасиринен арылтуу сөзүнө туруу үчүн чечкиндүү кадамдар жасалууга тийиш экенин белгилейт.

Андан ары президентти Казакстандын геосаясий абалы да түйшөлтүп жатканы баяндалат. Себеби согуш тутангандан бери өлкө Орусия менен Батыш ортосунда тең салмактуулукту кармап турууга аргасыз. Астана Москваны стратегиялык өнөктөш деп атаганы менен Украинанын аймактык бүтүндүгүн тааныйт жана Батыштын санкцияларын сактап келет.

Материалда айтылгандай, Токаев Казакстандын көп векторлуу тышкы саясатын жандандырууга аракет көрүп, Түркия, Кытай, Перс булуңундагы мамлекеттер менен да мамилелерди тереңдетүүгө аракеттенүүдө.

"Бирок, - деп белгилейт журналист, бул жаатта да казак президентин бир катар кыйынчылыктар күтүп жатат. Токаев өзүн буга чейин өтө сак жүргөн саясатчы катары көргөзгөн, ички жана геосаясий кысым олуттуу саясий же экономикалык реформаларды ишке ашырууга тоскооол болушу мүмкүн", - деген ой менен жыйынтыкталат макала.

Катардагы Дүйнө чемпионатына даярдык канча кишинин өмүрүн алды?

Deutsche Welle футбол боюнча дүйнө чемпионатына даярдык маалында Катарда 15 миң жумушчу каза тапканы тууралуу маалыматтар чындыкка канчалык дал келерин иликтеп чыккан. Материал 18-ноябрда, чемпионаттын башталарына эки күн калганда жарык көрдү.

Авторлор фактчек Футбол боюнча эл аралык федерация (ФИФА), Катар бийлиги, укук коргоочу уюмдар менен маалымат каражаттары шардана кылган статистикага гана таянарын белгилешет.

Иликтөөчү-журналисттердин ырастоосунда, 15 миң 21 кишинин набыт болгону Amnesty International уюмунун былтыркы жыл үчүн отчетунда айтылган. Ал эми The Guardian гезити 6,5 миң жумушчу тууралуу жазган. Ошол эле маалда бул булактар маркумдардын бардыгы стадион куруу же чемпионатка даярдык көрүүгө байланышкан башка жагдайларда кайтыш болгонун кесе билдирген эмес. Статистикага Перс булуңундагы өлкөдө каза тапкан бардык чет элдик жарандар камтылган.

Маалыматка караганда, 15 миң 21 деген сан Катардын 2010-2019-жылкы расмий статистикасынан алынган. 2011-2020-жылдары ал өлкөдө 15 миң 799 жергиликтүү эмес жаран өмүр менен кош айтышкан. Арасында жумушчулар гана эмес, башка адистер, дарыгерлер, инженерлер же бизнесмендер да болгон.

Маркумдардын арасында өнүгүп келаткан да, өнүккөн өлкөлөрдүн да жарандары болгон.

Материалда курулуштарга жалданган жумушчулардын ден соолугу адатта чың болору, себеби Катарга виза алуу үчүн медициналык текшерүүдөн өтүү зарылдыгы белгиленет.

Бул жерде авторлор франциялык кесиптештердин жазгандарына көңүл бурат. Алар өлүмдөр тууралуу статистикага Катардан кайтып келгенден көп өтпөй көз жумган эмгек мигранттары киргизилбегенин айтышкан.

Мисалы, Непалда акыркы он жылда 20-50 жаштагы эркектер арасында бөйрөк оорусунан өлгөндөр көбөйгөн. Алардын көбү Жакынкы Чыгышта иштеп кеткен. Чөлдөгү жумуш шарттары оор болот, суу аз жана анын сапаты начар.

Андан ары ФИФА жана биринчиликти уюштуруу комитети стадиондорду тургузууда үч киши мерт болгон деген сандар текшерилген. Иликтөөчүлөр ошол үч кырсык катталганын белгилөө менен бирге маалыматтын толук эместигин жазган.

Себеби, чемпионат өткөрүлбөсө, мынча курулуш жүрмөк эмес. Метронун жаңы бутагы, жолдор, отелдер курулду, аэропорт ремонттолду, башка көптөгөн долбоорлор ишке ашырылды.

ФИФА курулуштар кызыган маалда аларга 30 миңден көп жумушчу тартылганын маалымдаган. Мындан тышкары ARD телеканалынын даректүү тасмасында катардык дарыгерлер айтып бергендей, аларга өлүм тууралуу күбөлүктөрдү бурмалоо көрсөтмөсү берилип, кысым жасалчу. Укук коргоочу уюмдар күбөлөрдүн айткандарына таянып даярдаган отчеттордо аптап, чаалыгып-чарчоо, өтүшүп кеткен жеңил оорулар көптөгөн өлүмдөрдүн себебин түшүндүрөрү болжолдонот.

Материалдын авторлору толук баа берүү үчүн маалыматтар жетишсиз экенин айтып, "Катар бийлиги эмне себептен чет элдик жумушчулардын өлүмү тууралуу так документтерди жарыялабайт?" деген собол салышат.

Өзбекстандын экономикасы кризиске туруштук берүүдө

Борбор Азиянын жашоосуна абай салган журналист Жоанна Лиллис Eurasianet сайтында 16-ноябрда жарыяланган макаласында реформалар өзбек экономикасына Украинадагы согуштун кесепеттерин жоюуда кошуналарына караганда алда канча ийгиликтүү болууга мүмкүнчүлүк бергенин жазды.

Мисал ирети автор венгриялык ОТР банкы “Ипотека” банкынын акцияларын сатып алуу жараянын жандантканын мисал келтирди. Маалыматка ылайык, бул иштин уруштан улам үзгүлтүккө учурап калышы Ташкент үчүн чоң сокку болгон. Эмне дегенде мамлекет 2025-жылга чейин банк секторунун өзүнө таандык 85 пайызынан арылууну көздөйт.

Андан тышкары Өзбекстан 3 миң мамлекеттик ишкананын 75 пайызын жарым-жартылай же толугу менен сатууну пландаган. Журналист алардын арасында машина куруучу "УзАвто", "УзМетКомбинат" болот заводу жана "Кишлок курилиш" банкынын акциялары бар экенин жазган.

Андан ары кошуна өлкөнүн расмий экономикалык көрсөткүчтөрү келтирилет. Жылдык инфляция 12,2 пайызды түзөт. Борбордук банктын прогнозуна ылайык, быйыл ички дүң өнүм 5,2-5,8 пайызга өсмөкчү. Эмки жылы 4,5-5 пайызды, 2024-жылы 5-6 пайызды түзөт деп күтүлүүдө.

Макалада айтылгандай, Дүйнөлүк банк жакында Өзбекстан глобалдык жана регионалдык экономикалык олку-солкуларга туруштук берип жатканын, бул 2017-жылдан бери жүргүзүлүп келген ырааттуу реформалардын жемиши экенин белгилеген. Европанын жана Борбор Азиянын 23 өлкөсүнүн арасынан Өзбекстан экономикасы эң тез өсүп жаткандардын бири болуп чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG