Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:19

Казакстандагы шайлоо: Токаев жана анын атаандаштары


20-ноябрда өтө турган кезексиз шайлоого катыша турган Казакстандын президенттигине талапкерлердин сүрөттөрүнүн коллажы.
(БШК тарабынан катталган тартипте берилген).
20-ноябрда өтө турган кезексиз шайлоого катыша турган Казакстандын президенттигине талапкерлердин сүрөттөрүнүн коллажы. (БШК тарабынан катталган тартипте берилген).

Казакстанда кезексиз президенттик шайлоо өнөктүгү 21-октябрдан тарта расмий башталды. Борбордук шайлоо комиссиясы алты талапкерди каттады. Арызы кабыл алынбаган саясатчылар нааразылыгын билдирип, "мыйзамдагы бюрократиялык көрүнүштөрдү" сынга алууда.

Президенттикке ат салышчу эки айым

Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясы кезексиз президенттик шайлоого талапкерлерди каттоону 21-октябрда аяктады. Эң акыркылардан болуп президенттикке эки айым талапкер катталды. "Казак энелери - салтка жол" коомдук бирикмесинен Салтанат Турсынбекова жана Кесиптик социалдык кызматкерлердин улуттук альянсынан Каракат Абден каттоодон өттү.

Салтанат Турсынбекова талапкерлик күбөлүгүн көрсөтүп жатат.
Салтанат Турсынбекова талапкерлик күбөлүгүн көрсөтүп жатат.

Салтанат Турсынбаева талапкерлик күбөлүгүн алып жатып, өлкөдө таанымал киши эместигин, аны укук коргоочулар жана жаштар жакшы билерин айтты.

"Айрым аймактарда мени таанышат. Ал эми калган аймактарда менин өкүлдөрүм үгүт иштерин жүргүзүшөт. Негизи менин электоратым укук коргоочулар, аялдар жана жаштар", - деди Турсынбаева өзү тууралуу айтып жатып.

Каракат Абден. Астана, 19-октябрь, 2022-жыл.
Каракат Абден. Астана, 19-октябрь, 2022-жыл.

48 жаштагы Каракат Абден ушул жылдын май айында президентке караштуу Аялдар иштери жана үй-бүлөлүк-демографиялык саясат боюнча улуттук комиссиянын курамына кирген. Ага чейин Астана шаардык кеңешинин депутаты болгон. Абден 2019-жылы "Сен казак кызысың. Сыймыктан!" деген чуулгандуу китеп жазган. Анын мазмунун айрым активисттер сынга алып, китеп мамлекеттен бөлүнгөн акча басылып чыкканын айтып нааразы болушкан.

БШК буга чейин “Ауыл” партиясынан Жигули Дайрабаевге, “Аманат” кесиптик кошуундар шериктештигинен Мейрам Кажыкен менен азыркы президент Касым-Жомарт Токаевге талапкерлик күбөлүгүн тапшырган. Токаевди парламенттеги үч партиядан жана бир канча уюмдан турган “Элдик коалиция” көрсөткөн.

Улуттук социал-демократиялык партиянын лидери Нурлан Ауесбаев да акыркылардан болуп катталган талапкерлердин бири. Ал өткөн аптада соцтармактагы баракчаларынан Чымкенттеги тарапташтарына кысым болуп жатканын билдирген.

"Бут тосуулар токтосун! Мени колдоп чогултулган колдордун санын кабыл алуудан баш тартып, биздин партияга кысым көрсөтүп жатышат. Чымкенттеги өкүлүмдүн дөңгөлөгүн тешкендер кимдер? Бийликтин айтканы болбойт, мындай иштерден коркпойбуз. Артка кайтпайбыз, акырына чейин барабыз!"

Кандидат боло албай калгандар

Талапкер болууну каалаган айрым жарандардын арыздары "БШКнын талаптарына жооп берген жок" деген жүйө менен кабыл алынган жок.

Алардын бири журналист Инга Иманбай. Анын күйөөсү, каттоодон өтпөгөн Демократиялык партиянын лидери Жанболат Мамай март айынан бери камакта. Ага январь окуяларында "массалык баш аламандык уюштурган" деген айып тагылган. Ошондой эле Польшанын жараны, теги казак Балли Мажецтин (Балжан Наурызбаева) документтерин БШК кабыл албай койгон.

Инга Иманбай.
Инга Иманбай.

Алар бул аракети аркылуу азыркы мыйзам менен өлкөдөгү көпчүлүк жарандар, бозгунда жүргөн оппозициялык активисттер президент болуп шайлана албай турганына көңүл бурдургусу келгенин айтышат.

Астанада президенттик шайлоого каршы чыккандар кармалды

Казакстанда 21-октябрдан тарта шайлоо өнөктүгү расмий башталды. Учурда бул өнөктүк нааразычылыктар жана сындар менен коштолууда. Каттоодон өтө элек айрым партиялар менен бирикмелер кезексиз шайлоону тааныбай турганын билдиришүүдө.

Оппозициячыл саясатчы, учурда чет жакта жашаган Мухтар Аблязов тарапташтары менен бирге Казакстандын шаарларында митинг өткөрүү ниетин билдиришүүдө. Ал эми алматылык активист Алнур Илияшев Токаевди быйылкы шайлоодо президенттикке талапкер катары каттаган БШКнын чечимине каршы доо-арыз менен сотко кайрылган. Сот анын арызын канааттандырган эмес.

25-октябрда Астанада президенттик шайлоону эрте өткөрүүгө каршы акция өтөрү кабарланган жерден эки киши кармалды.

“Азаттыктын” казак редакциясынын маалыматына караганда, Жеңиш проспектисиндеги гүлбактын айланасы тосулган, жер-жерлерде полиция кызматкерлери турат. Тартип коргоочулардын бири “майрамга байланыштуу эл эс алган жерди күчөтүлгөн режимде кайтарып жатышканын” айтты.

Кармалган активисттер. Астана, 25-октябрь 2022-жыл.
Кармалган активисттер. Астана, 25-октябрь 2022-жыл.

Асия Бакаева аттуу активист дүйшөмбүдөн бери үйүнүн жанында белгисиз адамдар кайтарып турганын, андыктан сыртка чыга албай жатканын айтып берди.

Митингдер 25-октябрда баш калаада жана Алматыда өткөрүлмөк. Демилгечилер – катталбаган "Алга, Казакстан!" партиясынын активисттери мөөнөтсүз президенттик шайлоону жокко чыгаруу талабын коёрун жарыялашкан.

"Оппозиция деген чоң күч жок"

Ал арада Токаев президенттикке талапкер болуп катталгандан кийин деле аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууну улантууда. Акорда өкүлдөрү шайлоо өнөктүгү баштала электе эле азыркы президент саясий айдыңда чыныгы атаандаштыктан алыс өлкөдө кайрадан шайлоого катышарын кыйыткан. Алсак, мамлекеттик кеңешчи Ерлан Карин жергиликтүү журналисттерге берген маегинде өлкөдө реалдуу оппозиция жок экенин ачык айткан.

"Оппозиция деген чоң күч жок. Чындыгында, алардан коркуп же аларды кантип кыйгап өтүүнү ойлонуунун кереги жок. Учурда Казакстанда көп сандаган ири, уюшкан күч катары түзүлгөн оппозициялык күч жок. Тарапкерлери же альтернативдүү саясий платформасы барлар гана бар".

Казакстандагы президенттик шайлоого мамлекеттик бюджеттен 20 миллиард теңге бөлүнөрү кабарланды. Бул өткөн шайлоого салыштырмалуу эки эсе көп. БШК көзөмөлдөгөн бул каражаттын негизги бөлүгү шайлоо тилкелеринде иштей турган кызматкерлерге берилери айтылды.

20-ноябрда Казакстандын тарыхындагы жетинчи жолку президенттик шайлоо өтөт. Учурда бийликте отурган Касым-Жомарт Токаев экинчи президенттик мөөнөткө ат салышууда.

2019-жылы Нурсултан Назарбаев президенттиктен кетип, ордуна Касым-Жомарт Токаев шайланган. Ага чейин 1991, 1999, 2005, 2011 жана 2015-жылдары өткөн шайлоолордо Назарбаев жеңип чыккан.

Деген менен батыштык байкоочулар Казакстанда 1991-жылдан бери өткөн шайлоолордун бирин да эркин жана адилеттүү өттү деп тааныган эмес.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG