Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:17

Токаев АКШнын жаңы элчиси Розенблюмду кабыл алды


Касым-Жомарт Токаев жана Дэниел Розенблюм. Астана. 14-ноябрь, 2022-жыл
Касым-Жомарт Токаев жана Дэниел Розенблюм. Астана. 14-ноябрь, 2022-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев АКШнын элчиси Дэниел Розенблюмду кабыл алды. Бул тууралуу президенттин кеңсеси билдирди.

Акордонун маалыматына ылайык, Токаев "Казакстан АКШ менен бардык багыттарда стратегиялык өнөктөштүктү кеңейтүүгө жана бекемдөөгө кызыкдар экенин" билдирди.

Розенблюм өз кезегинде "Казакстан региондогу ишенимдүү өнөктөш, мамлекет башчы жүргүзгөн реформаларды америкалык тарап толугу менен колдойт" деп белгиледи.

Кездешүү Казакстанда 20-ноябрга белгиленген эрте президенттик шайлоо алдында өттү.

Акордо ошондой эле АКШ элчисинен тышкары Токаев Сьерра-Леоненин элчиси Мохамед Йонгаво жана Молдованын элчиси Лилиан Дариянын ишеним грамоталарын кабыл алганын маалымдады.

Дэниел Розенблюм быйыл 28-октябрда АКШнын Астанадагы элчиси катары ант берген. Буга чейин Өзбекстандагы элчи, ага чейин Мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын орун басары болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG