Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:50

УКМК: Аткезчиликтен алынган 2 миллиондон ашык доллар бюджетке берилди


Аткезчилик менен Тажикстандан алып кирилген акча. Баткен. Октябрь. 2022-жыл. (Сүрөт УКМКныкы)
Аткезчилик менен Тажикстандан алып кирилген акча. Баткен. Октябрь. 2022-жыл. (Сүрөт УКМКныкы)

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Баткенге Тажикстандан мыйзамсыз ташылып келген 2 млн. 750 миң АКШ доллары Кыргызстандын бюджетине чегерилгенин билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, 2022-жылдын 15-октябрында Баткен районунун Кара-Бак айылында аткезчиликке тиешеси бар деген шек менен Кыргызстандын жаранынын автоунаасы кармалган. Машинени тинтүү учурунда Тажикстандан аткезчилик менен алып келинген 2 млн. 750 миң доллар табылган.

Бул факты боюнча 16-октябрда кылмыш иши козголуп, аткезчиликке шек саналган адамдар Баткен шаарындагы убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

10-ноябрда Баткен райондук сотунун өкүмү менен акча ташууну уюштурууга катышкан Кыргызстандын алты жараны күнөөлүү деп табылып, ар бирине 150 миң сомдон айып салынды.

Баткендеги Кара-Бак айыл аймагы эки тарабынан Тажикстан менен 36 чакырым чектешет.

Былтыр Баткенде 29-апрелдеги куралдуу жаңжалдан кийин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жаап, товарларды киргизүүгө тыюу салган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG