Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:31

Иранда өкмөткө каршы акциялардын катышуучусу өлүм жазага өкүм кылынды


Шариф университетиндеги нааразылык акциясы. Тегеран, 8-ноябрь, 2022-жыл
Шариф университетиндеги нааразылык акциясы. Тегеран, 8-ноябрь, 2022-жыл

Ирандын соту өкмөткө каршы акциялардын катышуучусун өлүм жазасына өкүм кылды. Жергиликтүү “Мизан” маалымат агенттиги жазгандай, ага Тегерандагы мамлекеттик имаратка өрт койгон деген айып тагылды. Революциялык сот ал ишти теракт деп сыпаттады. Аты аталбаган айыпкерди коомдук тартипти бузууга жана “коррупцияга” күнөөлөдү.

Ошол эле сот дагы беш демонстрантты “улуттук коопсуздукка каршы кылмыш жасоо кутумуна барган” деген жүйө менен беш жылдан 10 жылга чейин абакка кести.

Ал өкүмдөр апелляциялык сотто каралышы мүмкүн.

Хижаб салынбайт деген шылтоо менен кармалган студент кыз Махса Амининин өлүмүнөн кийин тутанган нааразылык акцияларда миңдеген киши, арасында балдар кармалган. Укук коргоочулардын айтымында, коопсуздук кызматынын колунан бери дегенде 326 киши, анын ичинде 43 жеткинчек каза тапты. Ирандын бийлиги 40 тартип коргоочу мерт кеткенин билдирди.

Амини камакта жүрөгү кармап каза болгону расмий маалымдалганы менен жакындары жана күбөлөр анын сабалганын айтышууда.

Адегенде аялдардын укуктарын коргоп чыккан акцияларда “Диктаторго өлүм!”, “Хаменеинин бийлиги кулатылат!” деген саясий ураандар да жаңыра баштаган.

Ноябрга карай нааразылык акциялары басаңдаганы менен жер-жерлерде дагы деле толкундоолор улам тутанып келатат.

Хаменеи митингдер үчүн Батышты айыптап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG