Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:28

Шаардык сотто Нарматова менен Абыловдун бөгөт чарасы каралат


Орозайым Нарматова.
Орозайым Нарматова.

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, активист Орозайым Нарматованын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча доо арызын 16-ноябрда карайт. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Нарматова Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды" деген шек менен Москвада кармалып, 27-октябрда Бишкекке алып келинген.

Биринчи май райондук соту Нарматованы жана аны менен чогуу ушундай эле шек менен Москвадан алып келинген активист Илгиз Шаменовду эки айга Бишкектин №1 тергөө абагына (СИЗО-1) камаган.

Шаменовдун бөгөт чарасы шаардык сотто кайсы күнү каралары айтылган жок.

Ал эми ушундай эле айып коюлуп жаткан "Кемпир-Абадды коргоо" комитетинин мүчөсү жана уюштуруучусу Мамбетжунус Абыловдун бөгөт чарасы 17-ноябрда каралат.

Мурдагы элчи жана саясатчы Мамбетжунус Абылов үйү тинтилген соң 27-октябрда камакка алынган. Сот аны эки айга камаган.

Кыргызстанда Кемпир-Абад ишине байланыштуу "массалык башаламандык уюштурууга даярданды "деген шек менен камакка алынгандардын жалпы саны 26га жетти.

Өткөн аптада Бишкек шаардык соту алардын көпчүлүгүнүн бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Акыйкатчы институту жапырт кармоолор учурундагы мыйзам бузуулар боюнча Башкы прокуратурага кайрылган, бир катар жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары, чет элдик элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга чакырган.

Бийлик кыргыз-өзбек чек арасына байланыштуу чагымчылдар элге туура эмес маалымат берип жатканын билдирип келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG