Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:42

Ноокенде 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шектүү кармалганы кабарланды


Ноокен району.
Ноокен району.

Ноокен районунда 19 жаштагы кызды өлтүрүүгө шек саналып, 1964-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 8-ноябрда саат 9:30да Ноокен районунда суу аккан сайдан киши колдуу болгон кыздын сөөгү табылган. Райондук милиция бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш ишин козгоп, экспертиза дайындалган.

Окуяны иликтөөгө Жалал-Абад, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак райондук бөлүмдөрдүн кызматкерлери тартылып, шектүү катары Сузак районунун 1964-жылы туулган тургуну О.А. кармалган. Ал буга чейин зордуктоо жана башка беренелер менен бир нече жолу соттолгону, 2021-жылы баңгизатка байланыштуу кылмыш жоопкерчилигине тартылганы маалым болду.

Тергөө учурунда шектүү кылмыш жасаганын айтып, окуя кандай болгонун жеринен көрсөтүп бергени да айтылат. Мындан сырткары анын “Тойота-Королла” үлгүсүндөгү унаасынан 2-3 граммдык баңгизатка окшош зат табылып, экспертизага жөнөтүлдү.

12-ноябрда шектүү Ноокен милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

26-октябрда Ноокен райондук милициясы өзбекстандык жаранды өлтүрүүгө шектелип, Шамалды-Сай шаарчасынын 1987, 91, 93-жылдары туулган беш тургуну кармалганын билдирген. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG