Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:15

Кыргызстан 10 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 28 миллиард сом жумшады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан 10 айдын ичинде (январь – октябрь айлары) мамлекеттик карызды төлөөгө республикалык бюджеттен 28 миллиард 854,4 миллион сом жумшады. Анын 19 миллиард 511,1 миллион сому тышкы карызды, 9 миллиард 343,3 миллион сому ички карызды төлөөгө бөлүнгөн.

Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөнүн мамлекеттик карызы 30-сентябрга карата 5 миллиард 217,88 миллион долларга (ред: 418 миллиард 384,37 миллион сом) жетти. Анын ичинен 4 миллиард 162,60 миллион доллары (333 миллиард 769,18 миллион сом) тышкы, 1 миллиард 55,28 миллион доллары (84 миллиард 615,19 миллион сом) ички карыз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин Кыргызстан 2023-жылдан 2028-жылга чейин тышкы карызды төлөө үчүн жылына 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин бөлүшү керектигин айткан. Анын сөзү боюнча, 80-85% тышкы карыздын 50% ашыгы Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG