Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:34

Орусия 2023-жылы Кыргызстанга 150 мугалим жөнөтүүгө ниеттенүүдө


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2023-жылы Орусиянын Агартуу министрлиги Кыргызстандагы мектептерге 150 мугалим жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Бул быйылкыдан дээрлик он эсе көп. Мындай маалыматты Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги "Азаттыкка" ырастап, бул боюнча толук чечим чыга электигин, азыр каржы маселеси каралып жатканын билдирди.

Маалыматка караганда, "Орусиялык мугалимдер чет өлкөлөрдө" долбоорунун алкагында 2022-жылы сентябрда 17 мугалим Кыргызстандагы мектептерде иштей баштаган.

"2022-жылдын 1-ноябрына карата ушул долбоордун алдын ала маалыматтары боюнча Ош шаарындагы мектеептерде иштеп жаткан 29 мугалимден сырткары Оштон 4 жана Бишкек шаарындагы тогуз менчик мектептер менен дагы келишимге кол коюлган", - деди министрлик.

Орусиядан келген мугалимдердин көбү орус тили, математика, химия жана биологиядан сабак берет.

"Орусиялык мугалимдер чет өлкөлөрдө" долбоору 2019-жылы башталган. Анда 29 орусиялык мугалим Ош шаарындагы орус тилдүү менчик мектептерге жөнөтүлгөн.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстандын мектептеринде 80 миңден ашуун мугалим эмгектенет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG