Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:13

Руслан Бекназаров акимдин орун басары кызматынан кеткенин билдирди


Руслан Бекназаров.
Руслан Бекназаров.

Бишкек шаарынын Свердлов районунун акиминин биринчи орун басары Руслан Бекназаров өз арызы менен кызматтан кетти. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жарыялап, кызматты тапшырууда эч кандай басым-кысым болбогонун айтты.

Ички иштер министрлиги Руслан Бекназаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу” беренеси менен айыптап, 14-сентябрда кармаган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал алгач бир айга №1 тергөө абагына камалган.

Райондук сот ноябрдын башында кайра үй камагына чыгарган жана ал акимдин биринчи орун басары кызматына кайтып барып иштеп жаткан. Кызматка ушул жылдын июнь айында дайындалган.

Руслан Бекназаров саясатчы жана мурдагы элчи Азимбек Бекназаровдун уулу. Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген шек менен камакта жатат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG