Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Болот Темиров "Чек арасыз кабарчылар" уюмунун сыйлыгына көрсөтүлдү


Болот Темиров.
Болот Темиров.

"Чек арасыз кабарчылар" эл аралык уюму RSF Awards 2022 сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин ысымын жарыялады. Анда "Көз карандысыз" номинациясына кыргызстандык иликтөөчү журналист Болот Темиров көрсөтүлгөн. Бул маалыматты Темиров өзү "Азаттыкка" ырастады.

Журналисттерге сыйлык тапшыруу салтанаты 12-декабрда Парижде өтөт. Бирок Темиров ага паспортуна байланыштуу сот иштеринен улам бара албай турганын айтты.

"Жакында эле мен "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоорунун (OCCRP) Твиттердеги баракчасынан "Чек арасыз кабарчылар" уюму "Көз карандысыз" номинациясына мени көрсөткөнүн окудум. Буга чейин тергөөчү менин паспортумду жараксыз деп тапкан жана менин өлкөдөн чыкпоо тууралуу тил катым бар. Паспортум жок бара албайм. Сыйлык тапшыруу аземине катыша албай калганыма ичим ачышып жатат. Иш-чарага Temirov-Live командасынын мүчөсүн жөнөтөбүз го", - деген журналист.

Темировдун айтымында, бул номинацияга өзү менен кошо Ооганстан, Марокко, Либерия жана Филиппин өлкөлөрүнөн журналисттер көрсөтүлгөн.

Жемкорлук тууралуу иликтөөлөрдү чыгарып жүргөн журналистти жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тил каттын негизинде кайра бошоткон.

28-сентябрда Бишкектин Свердлов райондук сотунун судьясы Акылбек Адимов Болот Темировго маңзат боюнча коюлган айып негизсиз экенин айтып, аны актаган. Алган паспорту менен чек арадан өткөнү мыйзамдуу болгонун билдирип, ага байланыштуу да актоо чечими чыккан. Ал эми документ жасалмалоо деген берене менен айыптуу деп таап, бирок жаза чарасы чегерилбей турганын билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG