Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Жаза аткаруу кызматы абактагы 54 кишиге паспорт берилгенин маалымдады


Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандын жалпы жарандык паспорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жаза аткаруу кызматынын (ЖАК) 14-ноябрдагы маалыматына ылайык, өткөн аптада Чүйдүн Беловодское айылындагы № 16 түзөтүү мекемесинде кармалып турган 11 адамга Кыргызстандын паспорту тапшырылды.

Жалпысынан жыл башынан берки 10 ай ичинде соттолгон 54 адамга ички паспорт - ID карта берилди.

Бул жараян кыргыз өкмөтүнүн түзөтүү мекемелеринде жазасын өтөп жаткан адамдарга, тергөө абактарында шектүү жана айыпкер катары катталгандарга паспорт берүүнү жөнгө салуу боюнча токтомуна ылайык жүрүп жатат.

ЖАМКтын басма сөз кызматы кабарлагандай, абактагы 15 адамдын никеси мыйзамдуу түрдө катталып, тиешелүү күбөлүк алды.

"Абактагы адамдарды социалдаштыруу жараяны аларга абактан чыккандан кийин кылмыш жолуна кайтпай, коомдо өз ордун табууга шарт түзөт", - деп билдирди мекеме.

Жаза аткаруу кызматынын карамагында жалпы 26 мекеме бар. Анын 10у жатак абак, алты тергөө изолятору, 10у түрмө. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG