Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:59

Чоң-Алайда памирлик кыргыздарга үй курууга 10 миллион сом бөлүнөт


Былтыр сентябрда Садыр Жапаров Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган эле.
Былтыр сентябрда Садыр Жапаров Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган эле.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жылдыз Полотова Памирден келген этникалык кыргыздарга үй куруу иштеринин биринчи айлампасында 10 миллион сом бөлүнөрүн билдирди. Ал бул тууралуу 21-ноябрда Чоң-Алайга Жогорку Кеңештин депутаттары менен барганда айтты. Маалыматка ылайык, жалпысынан 95 үй салынат, учурда жер тилкелери бөлүнүп, башкы планы иштелип чыкты.

Ушул жылдын июль айында кыргыз өкмөтү Ооганстандан жалпысынан 1,5 миңдей этникалык кыргызды көчүрүп келерин билдирген. Анда 2022-24-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 миллион сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 400дөй үй-бүлө көчүрүлүп келери айтылган.

Мындан туура бир жыл мурун президент Садыр Жапаров Ооганстандагы этникалык кыргыздарды эки жылдын ичинде толугу менен көчүрүп келүү пландаштырылып жатканын маалымдаган. Анын алдында, сентябрда Жапаров Чоң-Алай районунда памирлик кыргыздар үчүн шаарчанын курулушуна капсула салган. Анда Кашка-Суу айылынын Бурган-Суу тилкесинде 30 гектар жерге жеке турак жайларын жана социалдык объектилерди куруу үчүн трансформацияланганы айтылган.

2019-жылдын аягында 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө Алай районунун Сары-Могол айылына көчүрүлүп келип, аларга үйлөр курулган. 2017-жылы Нарынга 50 памирлик кыргыз келип, жатаканага жайгаштырылган. Кийин бир нечеси Ооганстанга кайра кайтып кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG