Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:20

Эл аралык каттоосу бар медициналык окуу жайлар гана чет элдиктерди окута алат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардан билим алууну каалаган чет элдиктер мындан ары эл аралык программалык аккредитациядан өткөн гана окуу жайларына кабыл алынат. Өкмөттүн бул тууралуу токтому 21-ноябрда жарыяланды.

Токтомдо айтылгандай, мындай чара медициналык кадрларды даярдоо сапатын жогорулатуу, өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын деңгээлин жакшыртуу жана Кыргызстандын мамлекеттик дипломдорун таануу үчүн көрүлүп жатат.

Чет өлкөлүк студенттерди мындан ары Медициналык билим берүүнүн бүткүл дүйнөлүк федерациясында катталган чет элдик агенттиктер аркылуу кеминде үч жылдык аккредитация алган медициналык жогорку окуу жайлары гана кабыл ала алышат.

Тышкы иштер министрлиги да визаны ошондой окуу жайларында окуй турган абитуриенттер менен студенттерге берет.

Медициналык багытта билим берген 24 окуу жайдын 17син жабууну көздөп жатканын мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев быйыл февралда айтып чыккан. Ал “Азыр бул бизнеске айланып, колунан келгендердин баары эле институт-университет ачып алды” деп айткан.

Кийин Саламаттык сактоо министрлиги айрым медициналык окуу жайлардын лицензиясын жокко чыгаруу жараянын токтотконун билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG