Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:36

Деркембаев Шакиевдин талкуу жараткан сүрөтү жөнүндө түшүндүрмө берди


Нурланбек Шакиевдин Анкара шаарында тартылган, талкуу жараткан сүрөтү.
Нурланбек Шакиевдин Анкара шаарында тартылган, талкуу жараткан сүрөтү.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Түркиядагы сапары маалында тартылган, учурда социалдык тармактарда талкуу жараткан сүрөтүнө байланыштуу анын басма сөз катчысы Алтынбек Деркембаев түшүндүрмө берди.

Ал сүрөт Анкара шаарынын аба майданында, спикерди бейрасмий тосуп алуу учурунда тартылганын Фейсбуктагы баракчасына жазды.

"Расмий сапардын алкагында жолугушуулар, сүйлөшүүлөр эртең (22-ноябрда) башталат. Бейрасмий тосуп алуу маалындагы сүрөттү жарыялап, ар кандай олдоксон пикирлерди жазуу, талкууга алуу акылга сыйбаган көрүнүш. Кыргыз-түрк парламенттеринин достук тобунун жетекчиси С. Өзтүрк менен Жогорку Кеңештин төрагасы жана делегация курамындагылар аба майдандын VIP залында жөн гана ал-жай сурашып, учурашып отурган сүрөттү талкуулоо жана аны бурмалап, коомчулукту удургутуу осол иш деп эсептейм", - деп жазды.

Мунун алдында социалдык тармактарда Шакиевдин калың күрмөсүн жана калпагын чечпей, галстугу жок жолугушууда отурган сүрөтү жарыяланган жана анын дипломатиялык протоколду сактабаганы сынга алынган.

Шакиев өткөн айдын башында спикер болуп шайланган. Анын талапкерлигин "Элдик" депутаттар тобу, "Ишеним", "Ата-Журт Кыргызстан" жана "Альянс" фракциялары көрсөткөн. Ага чейинки төрага Талант Мамытов ордун өз эрки менен тапшырган.

Шакиев 2010-жылдагы Апрель окуясынан кийин бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин басма сөз катчысы болуп эки жылдай иштеген, ага кеңешчи да болгон.

2010-жылдын декабрында маданият жана маалымат министри болуп дайындалып, бул кызматта бир жыл турган. Мындан тышкары бир нече гезит, телеканалдарды жетектеген. Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келген.

XS
SM
MD
LG