Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

Бакетаев тышкы карыздын өсүшүн инвестициялык долбоорлор менен негиздеди


Алмаз Бакетаев.
Алмаз Бакетаев.

Жогорку Кеңеште Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитетинин 22-ноябрдагы жыйынында финансы министри Алмаз Бакетаев тышкы карыздарды тейлөөгө байланыштуу маалымат берди. Ал депутат Тазабек Икрамовдун суроолоруна жооп берип жатып, өлкөнүн тышкы карызынын көбөйгөнүн инвестициялык долбоорлор менен байланыштырды.

"Тышкы карызды төлөөнүн жадыбалы жана булактары бар. Мамлекеттик карызды тейлөөгө өзүбүздүн булактарыбыз толугу менен жетет. Бүгүнкү алган карыздарыбыз бул инвестициялык карыздар. Бүгүнкү күндө мамлекетибиз алган насыя жеңилдетилген шарт менен берилип келет. Жакынкы эки-үч жылдын ичинде мындай шарт токтойт. Ошондо биз пайызы жогору насыя ала баштайбыз жана ошондо насыя алууну азайтабыз",-деди министр.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстан ушул жылдын 10 айында (январь – октябрь айлары) мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 28 миллиард 854,4 миллион сом жумшады. Анын 19 миллиард 511,1 миллион сому тышкы карызды, 9 миллиард 343,3 миллион сому ички карызды төлөөгө бөлүнгөн.

Финансы министрлигинин билдиришинче, өлкөнүн мамлекеттик карызы 30-сентябрга карата 5 миллиард 217,88 миллион долларга (ред: 418 миллиард 384,37 миллион сом) жетти. Анын ичинен 4 миллиард 162,60 миллион доллары (333 миллиард 769,18 миллион сом) тышкы, 1 миллиард 55,28 миллион доллары (84 миллиард 615,19 миллион сом) ички карыз.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров буга чейин Кыргызстан 2023-жылдан 2028-жылга чейин тышкы карызды төлөө үчүн жылына 400 миллион доллардан кем эмес, айрым учурларда 460 миллион долларга чейин бөлүшү керектигин айткан. Анын сөзү боюнча, 80-85% тышкы карыздын 50% ашыгы Кытайдын Эксимбанкына төлөнөт.

XS
SM
MD
LG