Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:22

Кыздарды жатын рагынан коргогон эмдөө


Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды.
Кыргызстанда 11-14 жаштагы кыздарды папиллома вирусуна каршы эмдөө башталды.

Быйыл Кыргызстанда биринчи жолу 11-14 жаштагы өспүрүм кыздар папиллома вирусуна каршы эмдөөдөн өттү. Саламаттык сактоо министрлиги эмдөө жатын моюнчасынын рагына кабылууну алдын ала турганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө жыл сайын жатын моюнчасы рагынан 600гө жакын аял каза болот.

Бирок Кыргызстанда вакцинадан баш тарткандар да болууда. Расмийлердин айтымында, демөөрчүлөрдүн көмөгү менен алынган HPV вакцинанын 368 миң дозасы ушул жылы сайылышы керек.

Кыргызстанда биринчи жолу

Республикалык иммундук профилактика борбору улуттук программага ылайык, ар бир беш жылда приоритеттүү вакциналардын тизмесин жаңыртып турат.

2019-2024-жылдарга карата бул борбор пневмония, ич өткөк өңдүү вакциналарды киргизип, алардын арасына адамдын папиллома вирусуна каршы вакцинаны да кошкон.

Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысованын айтымында, жатын моюнчасынын рагына алып келген папиллома вирусу күчөп жатканы тууралуу онколог-гинекологдордун изилдөөсү 2018-жылы жарыяланган.

Анда аялдардын жатын моюнчасынын рагы күч алып жатканы, андан каза тапкандардын саны өсүп жатканы белгиленген. Ошондон кийин вакцина алып келүү боюнча чечим кабыл алынган.

"Мындан улам Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму сунуштаган вакциналардын тизмесин карап, биз эмдөө үчүн 2019-жылдан тарта вакцина алып келүү керек деген тыянак чыгарган элек. Анда онкологдор 9 жаштан 15 жашка чейинки кыздарга эмдөө жүргүзүүнү сунуштаган. Биз да өз изилдөөлөрүбүздү жүргүзгөнбүз. Бирок коронавирус пандемиясы башталып, пландар ишке ашпай калды. Быйыл гана бардык процедуралардан өтүп, вакцинаны алып келдик. Бул өнөктүк ушул жылдын ноябрь айына өкмөттүн программасынын негизинде ишке ашты".

АПВ вакцинасы 4 доллардын тегерегинде турат. Өлкөгө 368 миң дозасы алып келинди, анын 29 миңин өкмөт бюджеттен каражат бөлүп сатып алган.

Ата-энелердин кабатырлануусу

Расмий маалыматка таянсак, өлкө боюнча мектепте окуган 300 миңден ашуун кыз эмдөөдөн өтүшү зарыл. Эмдөө өнөктүгү мектептерде же эмканаларда жүргүзүлөт. Бирок айрым ата-энелер арасында мындан баш тарткандар да болууда.

Төрт кыздын энеси Асел Ибраева эгиз кыздарын эмдөө канчалык туура чечим болот деп, эки анжы болуп турат.

“Мектептен биринчи чейрек аяктап калганда эмдөө жүргүзүлөт, “ооба” же “жок” деген жообуңарды бергиле деп класс жетекчиси кабардар кылган. Кыздарым 6-класста окуйт. Улуу кыздарым 16 жана 19 жашта болгондуктан, алар албайт экен. Күйөөмө айтсам, толук маалымат топтоп, анан көрөлү деди. Ошентип интернет булактарынан издеп көрдүк. Бул эмне болгон вакцина? Терс таасири кандай болот? Мен сыяктуу суроолоруна жооп издеген ата-энелер көптөй сезилди. Себеби ушундай суроо менен мугалимге кайрылгандар көп. Интернетте издеген маалыматыма толук жооп ала албадым. Азыр мажбурлаган эч ким жок, дагы байкап көрөм”.

Вакцинанын экинчи дозасы 2023-жылдын май айында сайыларын шаардык эмдөө борборунун жетекчиси Бурул Асыкбекова “Азаттыкка” билдирди.

Анын белгилешинче, эл арасында жана интернетте тараган туура эмес маалыматтан улам айрымдар эмдөөнүн канчалык маанилүү экенин жакшы тушүнбөй турат.

“Кыздар турмуш куруп, жыныстык катнашка барганга чейин анын организминде иммунитет пайда болуп калышы керек. Иммунитет пайда болгондо гана организм вирус менен күрөшө алат. Ошондуктан бул вакцина кыздар үчүн маанилүү. 2021-жылы коронавируска каршы эмдөө башталганда да түрдүү, чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап кеткен. “Өлөт” же “тукумсуз калат” дегенге ишенип алгандар да болгон. Ата-энелердин көбү мыйзамдагы “эмдөө ыктыярдуу” деген пунктка таянуу менен баш тартып келет. Эң эле эффективдүүсү – маалыматтык компанияны күчтөнтүү керек. Азыр диний көз караштан улам эмдөөдөн баш тарткандардын саны азайып калды”.

Папиллома вирусуна каршы эмдөө тууралуу мамлекеттик жана расмий тилде 2 миңден ашуун материал даярдалып, 2 миңден ашык медицина кызматкерлери окутулуп, вакцина тууралуу маалымат берилген. Алар эмдөө өнөктүгүнүн алдында түшүндүрүү иштерин да жүргүзүшү зарыл. Саламаттык сактоо жана Билим берүү министрликтеринин биргелешкен буйругуна ылайык, бүгүнкү күндө калк жана ата-энелер арасында активдүү түшүндүрүү иштери жүрүп жатат.

Адистер папиллома вирусу жыныстык жол менен жугуп, бара-бара жатын моюнчасынын рагына айланып кетиши ыктымал экенин айтып келишет. Мындан улам вакцина алуу - илдеттен коргонуунун эң эле натыйжалуу жолу катары каралган.

“Жыныстык жашоодо жашаган ар бир аял бул вирустун 300гө жакын түрүнө кабылышы мүмкүн. Папиллома вирусуна чалдыккан аял өз ден соолугуна кылдат көз салып, жоопкерчилик менен дарыланса айыгып кетет. Тилекке каршы, Кыргызстанда папилломанын кайсы түрү ракты пайда кылат деген изилдөө жүргүзүлгөн эмес, бирок башка Азия өлкөлөрүндө жыйынтыктар чыгарылган. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму изилдөөлөрдүн негизинде сунуштамаларды берген. Мисалы, коңшу Казакстанда да бул иш өткөрүлгөн. Биздин өлкөгө төрт валенттүү вакцина берилди. Бул вирустун ракка алып келе турган отузга жакын түрү бар. Ошонун 70% чейини төрт валенттүүгө тийиштүү болот. Эмдөө рактын 80% алдын алат. Биз ракка жеткирбей эле дароо эмдөө жүргүзөлү деп жатабыз”, - деди Кыргызстандын акушер-гинекологдор ассоциациясынын президенти Арсен Аскеров.

Жатын моюнчасынын рагынан жыл сайын Кыргызстанда 600дөй аял каза болот. Дарыгерлер ооруга чалдыккандардын көбү илдет өтүшүп кеткенде кайрыларын билдиришти.

Саламаттык сактоо министрлигинин эсебинде, жатын моюнчасынын рагына 15 жаштан 45 жашка чейинки кыз-келиндер чалдыгууда.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 9 жаштан 14 жашка чейинки – кыздарды эмдөөнү сунуштаган. 2006-жылдан бери папилломага каршы эмдөөнү дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсү жүргүзүп келүүдө. Уюмдун изилдөөлөрүндө бул өлкөлөрдө папиллома вирусунун жайылышы 70%, ал эми жатын моюнчасынын рагы эки эсеге төмөндөгөнү айтылат.

Кыргызстандын аймактарында эмдөө өнөктүгү эки күндөн бери жүрүп жатат. Ош шаарында азыр “Гардасил” вакцинасы бар, шаардагы бардык үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна 14 360 доза таратылды. Калаада 11 жаштан 14 жашка чейинки 14 миң 59 кыз эмдөөдөн өтөт.

Ал эми Ысык-Көл облусу боюнча вакцинаны 19 миңге чукул мектеп окуучусу алышы абзел. Эмдөө үчүн 241 пункт ачылып, 261 медайым окуудан өткөн. Эки күн ичинде 6621 кыз вакцина алды, бул эмделүүчү кыздардын 35% түзөт. Аймакта эмдөөдөн баш тарткандар дээрлик жок экенин облустук санэпидем көзөмөл борборунун башчысы Гүлүшкан Тайлакова билдирди.

“Иммунолог, эпидемиолог, клиницисттер окуудан өткөн. Алар шаар, район, айылдарга чейин барып түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул жакшы натыйжа бергендиктен эмдөөдөн баш тарткандар дээрлик жокко эсе. Эгер вакцина албаса, папиллома вирусунан корголбогон болот. Аны жуктурган учурда жатын моюнчасынын үстүңкү клеткаларында оорунун очогу пайда болот. Айрым учурда жабыркаган клеткалар жатын моюнчасынын рагына айланып кетет. Онкологиялык оорудан сактануунун эң мыкты жолу – эмдөө. Эмдөөдөн өткөн 6 миңден ашуун кыздын биринен да терс реакция байкалбады, дене табы көтөрүлүп, баш оору же көңүлү айланганы тууралуу даттануу түшкөн жок”.

Кыргызстанда жатын моюнчасынын рак оорусунун 40% өтө кеч баскычында аныкталат. Ушуну эске алуу менен, Саламаттык сактоо министрлиги аялдарда жатын моюнчасынын рагын аныктоого, дарылоого жана бейтаптарга кам көрүүгө жыл сайын 500 миң АКШ долларынан ашык акча сарптай турганын маалымдады.

Кыргызстандын улуттук календарына ылайык, балдар жана чоңдор оор илдеттердин 13 түрүнө каршы вакцина алып, ден соолугун коргоо кепилдигине ээ боло алат.

Папиллома вирусу деген эмне?

Адамдын папиллома вирусу - жыныстык жол менен жуга турган инфекция. Адистердин эсептөөсүндө, орточо эсеп менен калктын 70-80% бул вирусту жугузуп алат.

Вирустун 200дөн ашуун түрү белгилүү. Алардын айрымдары онкогендүү болуп, аялдар арасында жатын моюнчасынын, жыныс кынынын рагына алып келиши ыктымал. Вирустун өтө агрессивдүү эмес түрлөрү жыныс органдарынын сыртында сөөлдү пайда кылышы мүмкүн.

Ошол эле кезде адамдын папиллома вирусу бир гана жыныстык жол менен жугат деген жаңылыштык. Аны коомдук мончодон, тазалыкты сактабаган учурларда, вирусту алып жүрүүчүнүн денесине соо адамдын колу тийгенде да жугузуп алуу тобокелдиги жогору.

Вирус ошондой эле кош бойлуу энеден балага жугушу мүмкүн. Оору эрте аныкталган учурда дарыгерлер төрөттү операция жолу менен кабыл алат.

Оорунун белгилери:

Дарыгерлердин айтымында, вирусту жугузуп алган адам алгач эч нерсени сезбей эле жүрө бериши мүмкүн. Оору өтүшүп кеткенде гана алгачкы белгилери пайда болот:

  • Жыныстык катнаш учурунда каноо;
  • Жыныс мүчөдөн жагымсыз жыт коштогон суюктук бөлүнүп чыгат;
  • Ракка айлана баштаган учурда адамдын буттары, бели жана ичи ооруйт;
  • Жыныс органдарында сөөл пайда болот

Вирустан кантип сактанууга болот?

Вирус анализ тапшыргандан кийин гана аныкталат. Аялдар гинекологго, эркек кишилер урологго барып текшерилет жана андан сактануунун үч негизги жолу бар:

  • Адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө;
  • Эки жылда бир рак клеткаларына, папиллома вирусуна анализ тапшырып, кольпоскопиядан өтүү зарыл;
  • Жыныстык катнаш учурунда сөзсүз перезерватив колдонуу абзел.
Кыздарды эмдөө эмне үчүн маанилүү?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:04 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG