Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Москва: элчилик өрттө мерт болгондор арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Москва шаарындагы өрттө каза болгондор, жараат алгандар арасында кыргыз жарандары бар-жогун тактап жатат. Элчиликтин басма сөз кызматы кийинчерээк кошумча маалымат берилерин "Азаттыкка" билдирди.

Москванын борборунда 20-ноябрда күйүп кеткен имараттын урандыларынын астынан сегиз адамдын сөөгү табылган. Өзгөчө кырдаалдар кызматы дагы жети киши куткарылганын кабарлаган.

Жекшемби күнү түштөн кийин Каланчевская аянтына жакын жайгашкан эки кабаттуу имаратта ири өрт чыккан. Ал жерде эмерек, чырак жана гүл дүкөнүнүн кампасы жайгашкан. Өрттүн жалпы аянты 2500 чарчы метрди түзгөн.

Өрттү өчүрүүгө 42 техника, анын ичинде үч тик учак жана бир өрт өчүрүүчү поезд тартылган. Куткаруучулар жалын менен беш сааттан ашык күрөшкөн. Имарат толугу менен күйүп, кабаттар ортосундагы шыптары урап түшкөн.

Тергөө комитети кылмыш ишин козгоду. Тергөөчүлөр кампада товар туура эмес сакталып, өрт коопсуздук эрежелери бузулганын аныкташкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG