Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Кыргызстан: криптовалютага даттангандар көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда криптовалютанын Биткоинден тышкары TYVcoin, Tolkcoin, Elcoin, Altyncoin, Nephelicoin, Kgcoin өңдүү онго чукул түрү тараган. Соңку кездери криптовалюталарга миллиондогон каражат салып, акчасынан кол жууп калганын айткандар көбөйдү. Эксперттер өлкөдө криптобазарды жөнгө салган мыйзамдык механизмдин жоктугу жана бул жааттагы сабатсыздык көйгөйдү курчутуп жатканын айтышууда.

"Башында түшүнбөй эле алданып калган экенбиз"

Бишкек шаарындагы тигүү цехтеринин биринде иштеген Марат бир жыл мурда автоунаасын сатып, ордуна TYVCoin криптовалютасын сатып алган. Кийин криптовалюта тууралуу көбүрөөк маалымат алган соң, салган каражатына тынчсыздана баштаганын айтып берди:

“Биринчи бир даанасын 9,7 доллардан 40 миң сомго, кийин дагы 300 миң сомго алгам. Көрсө, булар бизге "абаны" эле саткан экен. Биз башында түшүнбөй эле алданып калган экенбиз. Аны эки ай мурда гана түшүндүм. Буга чейин Биткоин тууралуу угуп келгем, бирок криптовалюта боюнча анча түшүнүгүм жок эле. Досторум, башкалар да "андан көрө башка иш кыл" деп жакшы эле айтышты. Мен укпай койдум. Азырга чейин "кайтарып бере албайбыз, сабыр кылып туруңуз, бул деген криптовалюта, өсөт" деп айтышат. Чынын айтсам, менин үмүтүм үзүлүп калды. Мен алып жатканда "машинеңизди сата бериңиз, эки эсе кылып чыгарып аласыз" деп айтканда сатып, бир сом иштетпей, баарын ошого салгам. Мага окшогондор толтура, 33 миң, 20 миң доллар салып жиберген аялдарды көрдүм”.

Ал эми Айзат атасынын айылдагы үйүн саттырып, акчасын TolkCoin деген жаңы криптовалютага салган.

"Акчаны биринчи айда жакшы эле чыгарып беришти. Бир айдан кийин жолдошум Орусиядан келип, бала менен үйдө отуруп калдым. Арада бир ай барбай калсам, кеңсе жабылып кетиптир. Чоңдору Орусияга кетип, акча кармалып калды. Ошону менен алты ай өтүп кетти, дагы деле жок. Өзү болсо "акчаңарды чыгарып берем" деп видео жөнөтүп, убакыт өткөрүп эле жүрөт. Азыр "ооруканада жатам, тиякта-бияктамын" деп акчаны бербей жатат. Ал жерде мага окшоп акча бергендер толтура. Менден улуу кишилер дагы бар. Алар дагы "акча болуп калсын" деп өздөрүнүн карындаштарынын жерлерин саттырып, болгон акчаларын берип коюшкан. "Сата бериңиз, бул жактан акча болуп калат экен" деп атама үйүн, жерди саттырып салып, акчаны алып бул жакка берип койгом. Эми же жерден жок, же акчадан жок, же тигилерден дайын жок, ушинтип калдык".

Ушинтип арыз-муңун чечип берер адам таппай жүргөндөр көп. Телеграм, Whatsapp өңдүү социалдык чаттарда атайын тайпаларды түзүп, көйгөйлөрүн талкуулап турушат.

Алар көп учурда укук коргоо органдарына да кайрыла алышпайт. Анткени, криптовалюта сатып алууда эч кандай укуктук-ченемдик документтер түзүлбөйт жана Кыргызстанда мындай иш-аракеттерди жөнгө салган мыйзамдык механизмдер толук ишке кире элек.

Адистердин айткандарын бул жерден угуңуз

"Сунуш, азгыруу же тартуу деген болгон эмес"

TolkCoin боюнча адамдардан ири суммадагы каражаттарды алып, бере албай калды делген Толкун Турдумаматовдун кызыкчылыгын коргогон Темирлан аттуу адам айтылып жаткан дооматтар укуктук жактан негизсиз экенин билдирди:

"Негизи, Толкун бул предметтердин сатуучусу эмес. Негиздөөчү да, ал коиндердин сатуучусу да эмес. Ал ошолордой эле киши, бир нерселерди иштеп тапкысы келген, өзүнүн акчаларын да салган. Алар менен тааныштыгы болгондур, бирок "келгиле, инвестиция кылабыз" деп чакырган эмес. Мүмкүн тааныштыргандыр, бирок эч качан "келгиле, ушундай кылабыз" деген эмес. Ал тарабынан сунуш, азгыруу же тартуу деген болгон эмес. Аны жетекчи кылып аныктаган эч кандай юридикалык документ жок. Сиз келишимдерди карасаңыз, кимдин аты-жөнү турганын...".

TYVCoin криптовалютасына нааразы болгондордун сөздөрүндө Нурлан Айтбаев аттуу брокердин ысымы көп аталгандыктан, ага байланышканыбызда, өзүн анын жардамчысымын деп тааныштырган Мелис аттуу адам жооп берди. Ал TYV коиндин баасы учурда 70-80 цент болуп турганын, бирок дүйнөлүк биржаларга чыгуу иштери ийгиликтүү баратканын маалымдады.

"Ачыгын айтыш керек, буга чейин бир аз кризис болду, баасы түшүп кетип, көп жактарга кире албай калганбыз. Азыр негизи жакшы. Бир ай мурун дүйнөлүк биринчи сапта турган CoinMarketCap деген криптосайтка кирдик. Андан тышкары, гезиттер менен жарнама кылган Telegraph деген сайтка киргени жатабыз. Ошондой эле алдыңкы топто турган чоң биржалар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, жараян башталды. Coinsbit деген биржа бар, ал дагы дүйнөлүк биржа. Coinsbit Bybit жана Extikon деген топ-30да турган биржага киргенбиз. Нурлан (Айтбаев — ред.) тууралуу айтайын, ал азыр Индияда. Ал жакта чоң маркетологдор менен иштеп жатат. Аябай чоң жумуштарды жасап атышат".

Криптовалюта деген эмне?

Криптовалюта, токен жана смарт-келишим деген түшүнүктөрдү ачык булактардагы маалыматтарга таянып кыскача чечмелей кетели.

Криптовалюта – санарип валютанын түрү, аны чыгаруу криптографиялык усулдарга негизделет. “Криптография” деген (байыркы грек. “крипто” – “жашыруун”) – маалыматтын купуялуулугун камсыздоочу илим болуп саналат.

Токен - санарип дүйнөдөгү компаниялардын баалуу кагазынын (же акциянын) функциясын аткарган актив бирдиги болуп эсептелет.

Смарт-келишим – адаттагы келишимдин санарип түрү, тараптарды белгилүү бир кызматтарды аткарууга милдеттендирген атайын программа. Смарт-келишим сооданын катышуучуларынын ортосунда криптовалютаны, акчаны, баалуу кагазды жана башка товарлар менен кызматтарды түз жана коопсуз алмашуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

"Кыргызстандагы мыйзам өтө чийки"

Блокчейн технологиялары боюнча адис Жолдубек Абдысатаров ар кандай криптовалюталарды сатып алуунун жол-жоболору, тобокелдиктери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келет. Ал Кыргызстанда криптовалюта менен алектенгендер бөлөк бирөөнүн блокчейнинде эле ар кандай токендерди түзүп алып, аларды сатып элден акча чогултуп келатканын, муну криптовалюта деп атоого болбой турганын айтат.

Адис анын үстүнө Кыргызстанда криптовалютаны көп учурда атайын биржадан эмес, колдон-колго сатып алышарын белгиледи. Алардын криптобазар жөнүндө билими болбогондуктан, көп жабыр тартып калышат.

"Буларда эч кандай жоопкерчилик жок. Анткени укуктук талаада буга чейин мыйзамдар болгон эмес. Ошол эле мезгилде, акча салган адамдарда эч кандай тастыктоочу документи жок. Банктык которуу да болгон эмес, жөн гана барып акчаны колуна карматкан, алар тиги "фантикти" криптокапчыгына которуп койгон. Аны менен эч жерде, сотто дагы далилдей албайсыңар. Булар ошондой да, блокчейнди азырга чейин эч ким көзөмөлдөй албайт. Анын үстүнө Кыргызстандагы азыркы чыгарган мыйзам өтө чийки. Анткени ал жерде смарт-келишим дегенди көзөмөлдөш керектиги жазылбаптыр. Жөн эле "криптовалютаны ушинтип чыгарса болот" деп койгон".

Адис Кыргызстанда криптовалютанын ар түрдүү аталыштагы көп түрлөрү жайылганын, дээрлик көпчүлүгүнүн блокчейнде өзүнүн платформасы болбогондуктан, ишенимдүү эмес экендигин, кардарлардын каражаты чоң тобокелдиктерге тушугуп калаарын эскертет.

Кыргызстанда 2022-жылдын 21-январында "Виртуалдык активдер жөнүндө" мыйзамына кол коюлуп, ал алты айдан соң 28-июлда күчүнө кирген. Мыйзам "блокчейн, виртуалдык актив, виртуалдык активдин капчыгы, майнинг, майнер, майнинг жабдыгы, өндүрүштүк майнинг, криптобиржа, санарип токен, виртуалдык активдердин эмитенти" деген түшүнүктөрдү камтыйт.

16-сентябрда Министрлер кабинети “Виртуалдык активдерди жүгүртүүдөн келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салуу маселелери жөнүндө” № 514 токтомун чыгарып, ага ылайык бир катар ченемдик-укуктук актылар бекитилген. Улуттук банктын өкүлү Айгүл Бакесариева виртуалдык активдерди жүгүртүүнүн механизмдери даярдалып жатканын билдирди.

“Виртуалдык активдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 10-беренесинин 3-пунктуна ылайык, виртуалдык активдерге байланыштуу кызмат көрсөтүүчү банктардын, банктык эмес финансы-кредиттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан көзөмөлдөнгөн башка юридикалык жактардын иши Улуттук банкы тарабынан жөнгө салынат. Ушуга байланыштуу Улуттук банк тарабынан виртуалдык активдерге тиешелүү кызматтарды көрсөтүүнүн жол-жобосунун долбоору иштелип чыккан. Ал коомдук талкуунун жыйынтыгы боюнча кайрадан каралып жатат".

"Кыргызстанда каалаган адам токен чыгарса болот"

Кыргызстандын программалык камсыздоолорду иштеп чыгуучулар ассоциациясынын алдындагы Блокчейн департаментинин эксперти Асылбек Айтматовдун пикиринде, криптовалюталарды сатып алууда анын виртуалдык дүйнөдөгү жаралуу жана иштөө табиятына дыкат көңүл буруу керек.

"Эгер Кыргызстандагы токендерди, криптовалюталарды карап көрчү болсоңор, дээрлик баарынын өзүнүн товары, көрсөткөн кызматы жок. Ичинде эң негизги акча алып келе турган механизм жок. Бул жерде адам кайсы криптовалютаны сатып алып жатканы эң чоң күмөн болууда. Анткени Кыргызстанда каалаган адам өзүнүн токенин чыгарса болот. Ал көп убакытты албай, беш мүнөттө каалаган ат менен токен чыгарып койсо болот. Анан аны каалаган баада бирөөгө сатып жибериши мүмкүн. Бул жерде эң чоң жоопкерчилик сатып алган адамдын өзүндө болуп жатат. Ал киши "бул эмне кылат, эмне болгон токен, эмне үчүн мен алышым керек, эмне үчүн сага акча беришим керек, бул нерсени кайсы жерден сатам, канчага сатам" деп суроо бериши керек. Муну кантип байкаса болот? Эгерде бирөө "азыр баасы бир сом болуп атат, эртең он сом болот" деп айтса – булар алдамчылар. Анткени бааны эч ким көтөрө же өзгөртө албайт. Тагыраагы, бааны деле өзгөртүп койсо болот, бирок базарды эч ким башкара албайт да. Мисалы, Биткоиндин өсүп же түшүп кетишин "эртең мынча болот" деп эч ким сөз бере албайт. Алдын ала ошентип айткан киши алдап аткан болот".

Эксперттер криптовалюта базарындагы соодага катышарда анын табиятын терең үйрөнүп, криптовалюта, токен жана алардын блокчейн платформалары тууралуу билим алууга үндөшөт. Криптовалютаны биржалардан сатып алуу да тобокелдикти кыйла азайтат. Биржалар борборлоштурулган жана борбордон алыстатылган болуп экиге бөлүнөт. Борборлоштурулган биржада кардар расмий документтери менен каттоодон өтөт. Борбордон алыстатылган биржада тыкыр көзөмөл жок, ким болбосун катталбай эле кирип, валюталык операцияларды жасай берсе болот.

Кыргызстанда учурда криптовалюталар операциясын жүргүзүүгө расмий уруксаттама алган биржа жок. Өлкө аймагында негизинен Netex, Binance, Bybit сыяктуу криптовалюталар биржасы менен иштөөгө болот.

Бул арада дүйнөдөгү криптовалюта базарында да абал бир кылка эмес. Эң баалуу делген Биткоин криптовалютасынын баасы соңку бир жылда дээрлик төрт эсеге чейин түшүп кетти. Эл аралык эсептер банкынын изилдөөлөрү боюнча, 2021-жылдын ноябрында 69 000 доллардан сатылып жаткан Биткоин, учурда 16 500 долларга бааланууда.

Криптотрейдер Айбек Баратов криптобазардагы мындай көрүнүштүн жандырмагын түшүндүрүп берди:

"Биткоиндин баасы индекс менен доллардын баасына түздөн-түз көз каранды. Кыскача айтканда, азыркы дүйнөлүк кризис маалында адамдар баарын сатканга аракет кылат. Алар акчасын сактап калыш үчүн кыймылсыз мүлктөрүн, активдерин, акцияларын, ошонун ичинде криптовалюталарын да сатышат. Кимде 10 биткоин болсо, баа өсүп турган маалда анда 690 миң доллар бар болгон. Бирок, азыр бир биткоиндин баасы 16 миң долларга түшүп калды. Жоготуу чоң, адамдар жоготуудан коркушат. Ошондуктан, баа түшүп баратканда алар да сатып башташат. Дүйнөдөгү 500 топ компаниянын индекси болгон S&P 500 карачу болсок, биткоин индекс менен салыштырылып турат, индекс түшсө ал да түшөт. Индекс эмне үчүн түшүп кетет? Анткени, адамдар акцияларын сатат. Дүйнөлүк алкакта адамдар каражатын сактап калыш үчүн колундагыларды сата баштайт. Ошондуктан, доллар өсүп жатат. Башкача айтканда, адамдар долларды көбүрөөк кармап тургусу келгендиктен, анын индекси өсүп, башка активдер төмөндөп жатат".

Быйыл апрелде Кыргызстанда алгачкы блокчейн форуму болуп өткөн. Форумда блокчейн технологиялары, криптовалюта, майнинг индустриясы жана энергиянын кайра жаралуучу булактарынын мүмкүнчүлүктөрү талкууланган.

Иш-чарадагы талкуулардын өзөгүн санарип экономиканын актуалдуу маселелери, криптовалютаны жөнгө салуу көйгөйлөрү, майнингден салык алуу жана блокчейн технологияларды бизнесте, банк системасында жана мамлекеттик башкарууда колдонуу темалары түзгөн.

Ал аянтчада Улуттук банк сомдун кошумча санарип формасын жүгүртүүгө киргизүүгө даярдыктар жүрүп жатканын жар салып, "Санарип сом" концепциясын алгачкы жолу тааныштырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG