Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:03

Украина орус мунайына транзиттин баасын көтөрөт


2023-жылдан тарта Украина "Дружба" кууру аркылуу орус мунайынын транзиттик баасын көтөрөт. Бул тууралуу Bloomberg агенттиги "Укртранснафта" ишканасынын орусиялык "Транснефть" компаниясынын жетекчилигине жазган катына таянып билдирди.

Bloomberg тараткан маалыматка ылайык, 1-январдан тарта Орусиядан Венгрия менен Словакияга бир тонна чийки заттын баасы 11,5 евродон 13,6 еврого чейин жогорулайт.

Украин бийликтери бул чечим Орусиянын жапырт ракеталык чабуулдарынан кийин кабыл алынганын айтууда. Чабуулдар күйүүчү майдын жетишсиздигине, электр энергиясынын олуттуу тартыштыгына, баасынын кымбатташына алып келген.

"Укртранснафта" ишканасынын башкы директору Владимир Цепенданын айтымында, компаниянын объектилерин коргоону уюштурууга жана анын кызматкерлери үчүн коопсуз иштөө шарттарын камсыздоого кеткен чыгымдар кескин өскөн.

"Транснефть" компаниясынын расмий өкүлү Игорь Дёмин "Укртранснафтадан" кат келгенин тастыктап, "мамлекеттик органдарга тиешелүү кайрылуу даярдап жатканын" айтты.

"Дружба" кууру 1960-жылдары курулган. Ал аркылуу ошол кездери Венгрияга, Чехословакияга, Польшага жана ГДРге чийки мунай ташылган. Азыр ал Орусиядан Украинанын аймагы аркылуу Венгрияга, Чехияга, Словакияга жана Германияга мунай жеткирет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG