Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

Шавкат Мирзиёев Францияга расмий сапар менен барды


Мирзиёев 2018-жылы Францияга барганда тартылган сүрөт.
Мирзиёев 2018-жылы Францияга барганда тартылган сүрөт.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 21-ноябрда Францияга барды. Эки күндүк расмий сапар Франциянын өлкө башчысы Эммануэл Макрондун чакыруусу менен уюштурулганын өзбек президентинин басма сөз кызматы билдирди.

Парижде жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, Франция парламентинин төмөнкү палатасы – Улуттук ассамблеяда жолугушуу, бул өлкөнүн алдыңкы компанияларынын жана банктарынын жетекчилеринин катышуусунда бизнес иш-чаралар өткөрүлөт.

Жыйынтыгында ондон ашуун документтерге кол коюу, инвестициялык жана соода келишимдеринин пакетин кабыл алуу пландалууда.

Лувр музейинде жана Араб дүйнөсү институтунда өзбек маданиятын даңазалаган көргөзмөлөр уюштурулат.

18-ноябрда Европа Биримдиги Борбор Азия өлкөлөрү менен мамилелерди тереңдетүүгө кызыкдарлыгын шаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG