Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

Экватордук Гвинеяны 43 жыл башкарган Обианг Нгема кайра президент болду


Теодоро Обианг Нгема Мбасого
Теодоро Обианг Нгема Мбасого

Жекшембиде Экватордук Гвинеяда президенттик шайлоо өттү. Анда 80 жаштагы президент Теодоро Обианг Нгема Мбасого дагы бир мөөнөткө ат салышты. Баштапкы маалыматтарга караганда, бул жолу ал 90 пайыздан ашуун добуш менен бешинчи жолу президент болуп шайланды.

Ал 1979-жылы Африкадагы бул мамлекетинин биринчи президенти болгон тууганы бийликтен кулатылгандан бери өлкөнү жетектеп келеатат. 43 жылдан бери бийликте отурган Обианг Нгеманы эл аралык укук коргоо уюмдары жана оппозиция аны диктатор деп аташат.

Добуш берүүнүн алдында Обианг Нгема бул жолу да жеңишке жетерине ишенимин билдирген. Анын эки атаандашынын бири беш жолу талапкер болгон, экинчиси шайлоого биринчи жолу катышты.

Оппозициянын талапкери добуш берүү бурмаланганын айтып, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү бюллетендерди жапырт үкөккө салган учурлар болгонун белгиледи. Reuters агенттиги борбор Малабодо гана салыштырмалуу таза өткөнү байкалганын жазды.

Бийлик мыйзам бузуулар болбогонун айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG