Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:33

Садыр Жапаров Сергей Нарышкин менен аймактагы коопсуздукту талкуулады


Президент Садыр Жапаров Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бишкек, 22-ноябрь, 2022.
Президент Садыр Жапаров Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкинди кабыл алды. Бишкек, 22-ноябрь, 2022.

Президент Садыр Жапаров 22-ноябрда Бишкекте Орусиянын Тышкы чалгын кызматынын (СВР) башчысы Сергей Нарышкин менен жолукту. Президенттин басма сөз кызматы анда "коопсуздук тармагында эки тараптуу алакага байланыштуу пикир алмашуу болгонун" билдирди.

"Садыр Жапаров белгилегендей, эки тараптуу алаканын жогорку деңгээлин сактоодо улуттук коопсуздук органдарынын кызматташуусу маанилүү роль ойнойт, бул тиешелүү тажрыйба, маалымат алмашууга мүмкүндүк берет жана аймактагы коопсуздукту, стабилдүүлүктү камсыздоодо биргелешкен аракеттер менен умтулууну координациялоого көмөк көрсөтөт. Нарышкин өз кезегинде эки өлкө ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, Борбор Азия чөлкөмүндө жана Евразия мейкиндигинде туруктуулук жана коопсуздук эки мамлекеттин бирдиктүү позициясынан көз каранды экенин кошумчалады”, - деп жазылган маалыматта.

Орусия Украинага бастырып киргенине байланыштуу ушул жылдын март айында Жапония, Австралия жана Жаңы Зеландия орус президенти Владимир Путин баштаган бир катар саясатчыларга санкция салган. Алардын арасында Нарышкин да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG