Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:47

Европарламент депутаттары “Вагнерди” террордук уюмга кошууну сунуштады


Европа парламентиндеги бардык фракциялардын депутаттары “Вагнер” менчик аскердик компаниясын террордук уюмдардын тизмесине кошууну сунуштады. Politico басылмасы кабарлагандай, анда депутаттар Европа Кеңешинин башчысы Шарль Мишелге жана Чехиянын өкмөт башчысы Петр Фиалага (Чехия июлдан тартып Еврошаркеттин кеңешинин төрагалыгын аркалап жатат ) кат жолдоду.

Катта “Владимир Путиндин менчик армиясы катары таанылган бул аскердик компания аймактагы туруктуулукту ыдыратууга жана Путиндин геосасий максаттарын ишке ашырууга колдонулуп келгени” жазылган. Мындан улам "катуу чаралар" көрүлүшү керектиги көрсөтүлгөн.

Кремль буга байланыштуу азырынча комментарий бере элек.

Украинадагы кармашта Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин “Вагнер” компаниясы абакта жаткандарды өз катарына кошуп, согушка жөнөтө баштаганы белгилүү болгон. Соттолуучуларды азгыруу иштерин бул компаниянын негиздөөчү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

"Важные истории" басылмасы сентябрда кабарлагандай, “Вагнер” тобу ушул маалга чейин алты миңдей соттолуучуну согушка тарткан.

Буга чейин "Вагнердин" жалданма аскерлери Сирия менен Африка өлкөлөрүндө жүргөнү тууралуу бир топ маалымат чыккан. Топтун жоокерлери бир катар аскердик кылмыштарга шектелип келет.

Евгений Пригожин Орусиянын президенти Владимир Путинге жакын экенин өзү ырастаган. Соңку мезгилде ал Коргоо министрлигинин жогорку жетекчиликтери Украинадагы согушта утулуп жатканы үчүн коомчулук алдында ачык сындап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG