Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:06

"Азаттыктын" татар-башкыр кызматынын кабарчысы сырттан камакка алынды


Андрей Григорьев
Андрей Григорьев

Казан шаарынын соту "Азаттыктын" татар-башкыр кызматынын журналисти Андрей Григорьевди сыртынан камакка алды. Ага "террорчулукка ачык чакыруу" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматына шилтеме берүү менен BUSINESS Online билдирди.

Тергөөнүн өтүнмө арызы 18-ноябрда каралды. Сот Григорьевди Орусияда кармалган учурдан же Орусияга экстрадицияланган кезден тартып эки айга камакка алуу чечимин чыгарды. Азыр ал изделүүдө.

Idel.Realii жазгандай, ишти козгоого Орусиянын Польшадагы элчисине чабуул тууралуу YouTube каналына чыккан видео себеп болгон. 17-августта бул иштин алкагында полиция Idel.Realii жана "Азатлык" радиосу менен кызматташкан жети журналисттин үйүн тинтүүгө алган. Тергөөдө алар видеону жарыялоого катышы бар болушу мүмкүн экени айтылган. Сурак маалында журналисттер видеого эч кандай тиешеси жоктугун билдиришкен. Ушул эле иш боюнча казандык бир нерсе активисттин үйүндө тинтүү болгон.

Варшавада 9-майда Орусиянын элчиси Сергей Андреев Кызыл армиянын жоокерлерине арналган эстеликке гүл коюп жатканда украин желегин көтөргөн бир нече киши “фашисттер” деп кыйкырып, ага жана жанындагыларга кызыл боек чачышкан. Ошол учур тартылган видеону бир нече булак тараткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG