Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:32

Nvidia компаниясы Орусиянын базарынан кетет


Видеокарта жана чип чыгарууга адистешкен Nvidia компаниясы Орусиядагы бизнесин жапканын жарыялады.

Компаниянын баяндамасында айтылгандай, 2022-жылы Орусияда түз сатуулар жалпы сатуунун эки пайызга жакынын түздү, гейминг тармагындагы сатуу төрт пайыздай болду.

Март айында компания Украинадагы согуштан улам Орусияга жабдууларын жеткирүүнү токтоткон. Июлда орусиялык компанияларга булут оюндары үчүн программалык камсыздоо лицензиясын узартууну жана сатууну токтоткон.

Сентябрдын башында АКШ президенти Жо Байден Орусия менен Кытайга татаал компьютердик чиптерди сатууга жаңы чектөөлөрдү киргизген. The New York Times чектөөлөр Nvidia жана Advanced Micro Devices (AMD) жасаган чиптерге тиешелүү экенин жазган.

Москванын Украинага агрессиясына байланыштуу буга чейин бир топ компаниялар Орусиядагы кеңселерин жапкан.

XS
SM
MD
LG