Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:29

Катар-2022: тайпалык беттеште Аргентина Сауд Арабияга утулду


Аргентина менен Сауд Арабиянын беттешинде тартылган сүрөт.
Аргентина менен Сауд Арабиянын беттешинде тартылган сүрөт.

Катардагы Футбол боюнча дүйнө чемпионатындагы С тайпасындагы беттеште Аргентина курамасы Сауд Арабияга 1:2 эсебинде утулду. Оюн 22-ноябрда болду.

С тайпасындагы дагы эки команда - Мексика менен Польша да ушул күнү беттешет.

Чемпионатка катышып жаткан 32 мамлекет сегиз тайпада күч сынашууда. Ар бир тайпада төрттөн команда бар. Алар бири-бири менен беттешип, тайпадан эки курама кийинки баскычка чыгат.

Алгач ирет күз жана кыш мезгилинде өтүп жаткан Футбол боюнча дүйнө чемпионаты 20-ноябрда башталды. Ал бир ай уланмакчы.

Перс булуңундагы бул араб мамлекети мелдешти өткөрүү үчүн 200 миллиард доллар сарптады.

XS
SM
MD
LG