Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Парламентте “Газпромдун” ишине сын айтылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында бир нече депутат “Газпром-Кыргызстан” ишканасынын өлкөнүн түштүк аймагын газдаштыруу иши солгун болуп жатканын айтып чыгышты. Депутат Мейкинбек Абдалиев “Газпром-Кыргызстан” менен келишимдерди карап чыгууну сунуштады.

“Урматтуу кесиптештер, мен сунуш берем. “Газпром” түндүктү газ менен камсыз кыла алса келишим калыш керек. Силердин маалыматыңардан улам түштүктү камсыз кыла албаганыңар белгилүү болду. Демек, силер Өзбекстандын газын сатып алып, бизге кайра саткандан көрө Өзбекстандын өзү менен туура келишим түзөлү. Мамилебиз жакшы болуп жатат”.

Абдалиев “Газпром-Кыргызстандын” өлкөнү 40% жакын газдаштыруу иши жүрүп жатат деген маалыматына ишенбей турганын кошумчалады. Айрым эл өкүлдөрү ишканада көчмө жыйын өткөрүүнү сунуштады.

“Газпром-Кыргызстан” биргелешкен компаниясынын өкүлү Арзымат Алдаяров Өзбекстан өзүнө газ жетпей жаткандыктан, сыртка берүүнү чектеп жатат деген жүйө келтирди. Алдаяров буга карабай “Газпром” келишимдин негизинде Өзбекстандан арзан газ алып жатканын билдирди.

“Өзбекстандан түз газ алып жатканда 1 миң куб метрдин баасы 290 доллар болчу. Азыр 150 доллардан алып жатабыз”, - деди ал.

2014-жылы Кыргызстандын “Кыргызгаз” ишканасы символикалуу түрдө Оруcиянын “Газпромуна” 1 АКШ долларына сатылып, “Газпром-Кыргызстан” компаниясы түзүлгөн. Кийин ага "Ошгаз" ишканасы да өткөн. Ортодо түзүлгөн келишимде компания Кыргызстандын аймактарына газ түтүктөрүн орнотуп, бул багыттагы инфраструктураны өнүктүрүүгө беш жыл ичинде 20 млрд. рубл жумшоону убада кылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG