Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:17

Кыйноолорду алдын алуу борбору абактагы активист Шаменовдон кабар алды


Илгиз Шаменов.
Илгиз Шаменов.

Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери акбактагы активист Илгиз Шаменовдун кысым жөнүндө кайрылуусунан кийин аны менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу борбордун директору Бакыт Рысбеков “Азаттыкка” маалымдады.

“Бул маалымат чыгары менен кызматкерлер жолугуп чыкты. Алар кирген учурда эч кимге арыз-дооматы жок экенин айтты”, - деди Рысбеков.

21-ноябрда “массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген негизде кармалган активист Илгиз Сарылдык уулунун (Шаменов) абактан жазган каты жарыяланган. Анда ал айрым абак кызматкерлеринен кысым көрүп жатканын жазган. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы активисттин дооматына жооп бере элек.

Соттун чечими менен Илгиз Сарылдык уулу (Шаменов) 20-декабрга чейин №1 Тергөө абагына камалган. Ал Москвадан Бишкекке 28-октябрда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, жарандык активист Орозайым Нарматова менен чогуу жеткирилген.

Сарылдык уулу “Социал-демократтар” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, пикирин билдирип жүргөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG