Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:22

Кыргызстандын тунгуч муфтийи Кимсанбай Абдурахманов көз жумду


Кимсанбай ажы Абдурахманов
Кимсанбай ажы Абдурахманов

Кыргызстандын алгачкы муфтийи, Орто Азиядагы белгилүү дин аалымы Кимсанбай Абдурахманов 22-ноябрда 82 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

Кимсанбай Абдурахманов көз карандысыздыктын алгачкы жылдары Кыргызстанда диний мамилелердин калыптанышына жана бекемделишине зор салым кошкон. Азыркы муфтий Замир Ракиевдин көңүл айткан билдирүүсүндө Абдурахмановдун демилгеси менен Бишкек шаарындагы борбордук мечит баштаган бир катар диний жайлар, мечит-медреселер, Ислам институту ачылганы белгиленген.

Кимсанбай Абдурахманов Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесин бүтүргөн. Иорданиянын мамлекеттик университетинин шарият факультетинде окуган.

1990-1992-жылдары Кыргызстан мусулмандарынын казысы болуп эмгектенген. 1992-жылы алгачкы жолу Кыргызстан мусулмандарынын диний башкармалыгы түзүлгөндө анын төрагасы – муфтий болуп дайындалып, бул кызматта 1996-жылга чейин иштеген. 2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай Абдурахманов экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп кызмат кылган.

Кимсанбай Абдурахмановдун жаназасы 23-ноябрда бешим намазынан кийин (саат 14:00) Бишкек шаарындагы "7 апрель шейиттери" мечитинде болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG