Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:12

Президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси парламентке чакырылды


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

Жогорку Кеңештин 23-ноябрдагы жыйынында депутат Өмүрбек Бакировдун кызматтык бөлмөсү алмашкан окуядан улам президенттин иш башкармалыгына байланыштуу маселе көтөрүлдү.

Анда депутат Тазабек Икрамов башкармалыктын жетекчисинин орун басары Элмира Усенованы сынга алды жана президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып аны иштен алууну сунуштады.

"Бул жерде депутаттын макамы жөнүндөгү мыйзамда так жазылып турат. Жогорку Кеңештин депутатына тиешелүү жеке жана кызматтык турак жай, жеке жана кызматтык машинага байланыштуу документтер текшерүүгө, тинтүүгө жатпай турганы жазылып турат. Биз мыйзам чегинен чыгып кетип жатабыз. Кат бергенден кийин күтүп турушу керек эле. Биздин депутаттын бардык буюмдарын эшикке алып чыгарып койду. Алмаз Акунжанович, Элмира Усенованы жумушунан алуу боюнча мен сиздерге сунушумду берем", - деди Икрамов.

Бул маселени "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров дагы көтөрдү жана териштирүү жүргүзүүнү, түшүндүрмө берилишин талап кылды. Мындан улам парламенттин бул жыйынына президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси чакырылды.


Бакировдун Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсү өткөн аптада алмашкан. Анын алдында Элмира Усенованын колу коюлган кат жарыяланып, анда "Жогорку Кеңештин ишин оптималдаштыруу жана жумуш орундарын иретке салуу максатында 7-кабаттагы 705-бөлмөнү 18-ноябрда саат 13:00гө чейин бошотууңузду өтүнөм" деп жазылган. Катта эл өкүлүнө башка бөлмө берилери да көрсөтүлгөн. Социалдык тармактарда депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тараган.

Бакиров бул бөлмөдө 6-чакырылыштагы депутат кезинен бери отурганын жана президенттик иш башкармалыктын чечимин түшүнбөй жатканын "Азаттыкка" билдирген.

Анын алдында, 17-ноябрда парламенттин жалпы отурумунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан учурда Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев менен Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG