Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Баткен: Жабыркагандардын насыя көйгөйү парламентте көтөрүлдү


Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.
Баткен. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы коогада жабыркагандарга насыясы боюнча жардам берүү маселесин бүгүн 13-октябрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Тазабек Икрамов көтөрдү. Ал Баткендеги кеминде үч айыл өкмөтүнүн тургундарынын атынан кайрылуу түшкөнүн айтты:

“Коммерциялык банктардан буга чейин кредит алгандар каникул берүү маселесин көтөрүп жатат. Көп деген жарандарыбыз үйсүз калды, качып чыкты, ал жакта тополоң болду”.

7-октябрда Улуттук банк коммерциялык банктарды жана башка каржылык уюмдары алардан насыя алган, чек арадагы окуядан жабыркап калган кардарларына жардам берүүгө чакырган. Банктын расмий сайтына жарыяланган маалыматта Баткен жана Ош облустарындагы жабыркаган кардарлардан түшкөн арыздардын баарын карап чыгуу, каза болгондордун, жараат алгандардын, бизнесинен же үй-мүлкүнөн ажырагандардын насыясын кечүү керектиги белгиленген.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин соңку маалыматында Баткенде талкаланып же күйгөн үйлөрдүн жалпы саны 661 үй, анын 423ү жашоого жараксыз экени айтылган.

16-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кан төгүлгөн окуяны Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Тажикстандын алдын ала пландаган куралдуу агрессиясы" деп атаган. Дүйшөмбү кайра күнөөнү Бишкекке оодарган.

Кыргызста бери дегенде 63 жаранынан айрылды, алардын кыркы аскер кызматкери. Жараат алгандардын расмий эсеби 200гө жакындады. Жалпысынан 136 770 адам эвакуация болгон, алардын 6 миңдейи бүгүнкү күндөрдө атайын жайларда жа башкалардын үйүндө жашап жатышат.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чек арада 41 жараны каза тапканын, 200 чукулу жаракат алганын билдирди. "Озоди" радиосу өз булактарына таянып, 81 кишинин тизмесин жарыялады, жергиликтүү жашоочуларга шилтеме берип тажик айылдарында да дүкөн, турак жайлар өрттөлүп, талкаланганын жазды. Бул маалыматты башка көз каранды эмес булактан тактоо мүмкүн эмес болууда. (RK)

XS
SM
MD
LG