Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:39

"Акча алмаштыруудан банктар пайда табууда". Көмүскөдөгү валюта базары


Акча алмаштыруу жайы.
Акча алмаштыруу жайы.

Кыргызстанда валюта рыногундагы "кара базар" маселеси кайрадан көтөрүлүүдө. Өткөн апталарда Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөдө көмүскө валюта базарынын өнүгүп жатканын айтып, коңгуроо кагышты. Улуттук банк валюта базарын тыкыр көзөмөлгө алып турганын, чет өлкөлүк акчанын тартыштыгы тышкы факторлорго байланыштуу экенин билдирип келет. Ал эми адистер көмүскө акча базарынын кооптуулугу өсүп баратканын билдирүүдө.

Валюта базарындагы "кара базардын" опурталдуулугу эмнеде жана Кыргызстанда ал канчалык жайылган?

Кыргызстанда жыл башынан бери доллардын курсу менен валюта базарындагы абал башкы темалардын бирине айланды.

Акча алмаштыруучу жайлар жана банктардагы доллардын тартыштыгы, комиссиянын өлчөмү боюнча маселеге маалымат каражаттары утур-утур кайрылса, өкмөт менен Улуттук банк түшүндүрмө берүүгө аргасыз болууда.

Бул ирет да Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары акча алмаштыруудагы көмүскө иштер калктын капчыгын кагып жатканын көтөрүп чыкты.

Депутат Мейкинбек Абдалиев парламент жыйынында чет элдик валютанын расмий курсу акча алмаштыруу тактасында формалдуу бойдон калып, иш жүзүндө бир кыйла жогору сатылып жатканын билдирди.

"Кыргызстандын ишкерлерине иштеш үчүн мүмкүнчүлүк калбай калды. Банктын ичиндеги эле айырма бир сом болду. Качантан бери курс бир сом айырма менен турат. Эгер долларды сата турган болсоң 83,50 сом, сатып ала турган болсоң 84,50 сом. Бирок, 84,50 деген баага дагы бир да банк сатпайт. Сатса дагы ал сумма менен өзүңдүн акчаңа ала албайсың. Бирок, акча алмаштыруу жайларында чоң курс менен доллар сатылып атат".

Ушундай эле маселени дагы бир нече депутат көтөрүп, Улуттук банк валюта базарын көзөмөлдөй албай жатканына көңүл бурушту.

Депутаттардын билдирүүсүнө жооп катары Улуттук банк валюта базарындагы жаралган жагдай тууралуу билдирүүсүн жарыялады.

Анда маалымдалгандай, мурда Кыргызстанга чет өлкө акчасы Орусия аркылуу келчү. Орус-украин согушунун айынан АКШ жана Евробиримдик өлкөлөрү Орусияга жапырт санкцияларды киргизгендиктен, ал жакка кирген чет өлкө акчасынын агымы токтоп, Кыргызстанга келчү агым да үзүлүп калган. Эл аралык валюта базарындагы логистикалык чынжырчанын мындай үзгүлтүккө учурашы Кырызстанда чет өлкө акчасынын тартыштыгын күчөткөн. Соңку кездери айрым коммерциялык банктар чет элдик башка контрагенттерди таап, валюта жеткирүү каналын жолго койгонго аракет кылып келет.

Улуттук банктын Банктык көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Бекзат Ташыбеков мекеменин расмий баракчасы аркылуу чет өлкө акчасын тактада расмий көрсөтүлгөн курстан айырмаланган баада сатуу мыйзамсыз экенин айтты.

“Жалпысынан, биздин жүргүзгөн талдоонун негизинде кардарларга эсептешүү кассалык кызматтарын көрсөтүү үчүн азыркы учурда банктарда накталай чет өлкө валютасы жетиштүү. Таблодо белгиленген курстан айырмаланган курс боюнча накталай чет өлкө валютасын сатып алуу боюнча операцияларды жүргүзүү - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу болуп саналат. Мындай факт аныкталган учурда Улуттук банк тарабынан тийиштүү таасир этүү чаралары көрүлүп турат”.

Улуттук банк 2022-жылдын башынан бери коммерциялык банктарга 131, акча алмаштыруу жайларына 121 жана лицензиясыз акча алмаштырган жактарга 54 текшерүү иштерин жүргүзгөн. Мекемеден билдиргендей, коммерциялык банктарга 60 жазма буйрук, 31 эскертүү жана 13 сунуш-көрсөтмө берилген.

Ал эми мыйзам талаптарын бузгандыгы жана Улуттук банктын талаптарын аткарбагандыгы үчүн 241 жазма буйрук жөнөтүлүп, алмашуу бюролорунун лицензияларынын аракети 47 жолу убактылуу токтотулган, алты алмашуу бюросунун лицензиясы кайтарылып алынган. Ошондой эле 23 алмашуу бюросуна 55,0 миң сомдон (жалпы суммасы 1 265,0 миң сом) жана 39 жеке адамга 17,5 миң сомдон (жалпы суммасы 682,5 миң сом) айып пул салынган.

Ал эми иш жүзүндө абал кандай?

«Азаттык» июль айында Кыргызстанда көмүскө валюта базары түптөлүп жатканы тууралуу макала даярдаган.

Буга чейинки жагдайды жана депутаттардын коңгуроосун эске алып валюта базарындагы кырдаал кандай өнүгүп жатканына кызыгып көрдүк.

Бишкек шаарындагы акча алмаштыруу жайлары жыш жайгашкан көчөлөрдүн бирине барып, жети күркөгө кирип чыктык.

Реалдуу жагдайды түшүнүү үчүн 20 миң доллар сатып алууну көздөгөн кардар катары кыска сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Алардын ичинен төрт жайда доллар калбай калганын же 100 долларга чейин гана сата аларын билдиришти. Ал эми үч жерде биз издеген сумма табыларын, бирок тактайдагы жазуудан бир кыйла жогору курс менен сатылып жатканын өз көзүбүз менен көрдүк.

Акча алмаштыруучулар менен курган диалогубузга сиз да күбө болуңуз.

Биз кирген биринчи күркөнүн ээси минтип жооп берди.

Доллардын курсу көтөрүлүп кеткен да.

Канчага көтөрүлдү?

Канча керек эле?

Жыйырма миң керек.

86,80 болот.

86,80ден? Жыйырма миң чыгабы?

Мына акча (таңгакталган доллар акчаларды көрсөтөт).

Бул жерде бирок 85,80 экен, э?

Өзүбүз 86,50дөн алабыз.

Аа, өзүңөр 86,50дөн аласыңарбы?

Экинчи күркө.

Доллар барбы?

Канча?

Жыйырма миң.

87 сом.

87 сом, накталай барбы азыр?

Бар...

87 болобу? 86 деп жазылып турду беле?

Эми башкаларга кирип-чыгып аттың да. Көрүп атасың да эми, жөн эле сурай бересиңби келип алып, билип туруп деле.

Ошо жазылганы боюнча келип атабыз да.

86,70тен барбы, алабыз. Кырк-элүү миң алабыз.

Сатып алууңар 86,70тен болуп калабы?

86,70тен болсо алып кел. Каалаган сумманы алабыз.

Демек, мына бул жазылгандар жөн эле экен да, э?

Баары жалган! Биз жалган дүйнөдө жашап атпайбызбы. Керек болсо ал, керек болбосо башка жактан издеп көр.

Башка жайлардагы байкообуз да ушундай мазмунда болду.

Жай айларында Кыргызстанда чет өлкө акчаларынын тартыштыгы курчуган кезде Улуттук банк өлкөдөгү коммерциялык банктар кардарларына чет өлкө акчасын берүүгө чектөөлөрдү киргизүү жана нак акчага айландыруу үчүн комиссия алууну жана анын көлөмүн өз алдынча белгилей турганын жарыялаган.

Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясы да банктардын ошол тажрыйбасын эске алып, алмаштыруу жайларындагы акча алмаштыруунун көлөмүн өз алдынча аныктай турган чечим чыгарышканын билдирди. Ассоциациянын төрагасы Думан Рыскулов мындай чечим мыйзамга дал келерин айтат.

«Ар бир акча алмаштыруу жайларынан 200 доллардан жогору алсаңыздар болот. Коммерциялык банктардын тажрыйбасына таянып, алмаштыруу жай юридикалык жак да, озүнүн ички жобосун чыгарганга укуктуу. Анткени, көп доллар сатып алса, мисалы 5000 доллар сатып алса, аны ошол сатып алуу курсу менен чогулта албай калышы мүмкүн деген тобокелдик бар да. Ошондуктан, баарына жетсин деп 200-500 доллардан сатканга мажбур болуп атабыз. Биз, ассоциация мыйзам жагын карап бердик, мыйзамга дал келеби, туура болобу, туура болбойбу деген жактарын карап бердик. Бирок, мыйзам жол берет экен ага, 200-500 доллардан сатканга. Кааласа көбүрөөк сата берсе деле болот. Мисалы, киргенге жараша сатат да».

Рыскуловдун маалыматына ылайык, геосаясий кырдаалга байланыштуу Кыргызстан Орусия менен бардык соода-сатыкты орус акчасы менен жүргүзүүгө өткөндүктөн, соңку кездери рублге болгон суроо-талап өсүп келет.

Телеграмдагы көмүскө акча базары

Кыргызстанда чет өлкө акчасын алмаштырууга багытталган бир нече Телеграм-каналдар бар. Алардын катталуучулары арты бир миңден ашса, алды 15 миңге чукулдайт жана ар ким өзү каалаган суммадагы валютаны, каалаган курста алып-сата берет. Соода өз ара келишүү аркылуу жүрүп, шаардын бир жеринен жолугуп алмаштырууну макулдашып алышат. Алардын ишмердиги Улуттук банк тарабынан ырасталбагандыктан, коопсуздукка эч ким кепилдик бербейт.

Биз алардын айрымдарынын иштөө тартибине жана акча агымынын көлөмүнө байкоо салып көрдүк. Алдын ала белгилеп коюу керек, биз байкоо жүргүзгөн 7-декабрь күнү АКШ доллары Улуттук банкта 84 сом 95 тыйын, коммерциялык банктарда 85 сом 85 тыйын, ал эми алмаштыруу жайларында 86 сомдон сатылары жарыяланган.

Телеграмдагы 7Money каналынын эки миңге чукул катталуучусу бар. Каналда акча алмаштыруу кызуу жүрүп турат, негизинен АКШ доллары менен орус рубли соодаланат. 7-декабрь күнү эртең мененки саат 10дон түн жарымына чейинки байкоо бул каналда элүүдөн ашуун алып-сатарлар тарабынан 450 миңдей доллар, 11 миллиондой рубль жүгүртүүгө чыгарылганын көрсөттү. АКШ долларынын сатып алуу курсу 86 сом 40 тыйындан башталса, сатуу курсу 86 сом 80 тыйынга чейин жетет. Акча алмаштырган адамдар 500 доллардан 60 000 долларга чейинки жана 100 миң рублден 4 миллион рублге чейинки көлөмдү сунушташты. Мындан тышкары, каналда АКШ доллары менен орус рублин кардар каалаган көлөмдө сатуу же сатып алууну сунуштаган сатармандар да бар.

Ал эми Valutakgs (Обмен Валюта USA-KGZ-RF-UK-EC) деп аталган дагы бир Телеграм-каналынын катталуучулары 14 миңден ашат. Каналда 7-декабрь күнү 800 миңге чукул АКШ доллары жана 7 миллион орус рубли жүгүртүлдү. Доллардын сатып алуу курсу 86 сомдон башталса, сатуу курсу 87 сомго чейин болууда. Алып-сатууга жалпысынан жүзгө жакын адам катышып, арты 300, алды 110 миң доллар сунуштады.

Валюта алмаштырууга адистешкен Телеграм-канал
Валюта алмаштырууга адистешкен Телеграм-канал

Телеграм каналдарда алып-сатарлык менен алектенген айрым адамдар менен кардар катары байланышып көрдүк. Атын атабаган жигит АКШ долларын Бишкектин Москва-Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү алмаштыруу жайларынын биринде алмаштырып берүүнү сунуштады.

«86,4 сомдон. Алмаштыруу жайынан алмаштырабыз, байке. Ишенимдүү, алмаштыруу жайынын ичинен. Моссоветте, Бөкөнбаевге жетпей бир алмаштыруу жайына кирип, ошол жерден кадимкидей текшертип, алмаштырабыз. Мен өзүм 86,4 курсу менен алмаштырып берем алмаштыруу жайынан. Ошол жерде текшертип, сомду ошол жерден берем. Банктын сому, ошондуктан ишенимдүү болуш үчүн алмаштыруу жайына барып алмаштырып берем деп айтып атам да, сиз күмөн болбоңуз деп. Мен өзүм алмаштыруу жайы аркылуу алып атам. Ошол жерде сизге ишенимдүү болуп сомуңузду санап өткөрүп, долларыңызды алам».

Ал эми өзүн Батый деп тааныштырган сатарман бейрасмий түрдө рубль алмаштыруу менен көптөн бери алектенерин айтып берди:

«1,357 сомдон байке, 630 миң рубль бар. Банктан алып чыктык, чек деле бар, аны да беребиз. Байке, эч кабатыр болбой келе бериңиз. Биринчи жолу алмаштырып атат окшойсуз, э? Даректи жөнөтүп коёюнбу, байке, келе аласызбы машинеде болсоңуз? Бизде дайым болот, байке. Биз дайым эле рубль сатабыз. Бизде кеңсе жок, көчөдө эле машине менен барып алып-сатып, банкка түшөт, Орусиядан товарлары менен келет. Байке, биз көптөн бери эле иш кылабыз. Өзүңүздөр текшерип, жакшынакай эле аласыздар».

Акча алмаштыруу бюролорунун ассоциациясынын төрагасы Думан Рыскулов расмий иштеген алмаштыруу жайларынын да «кара базар» менен иштешүү ыктымалдыгын четке какпайт. Ал көмүскө валюта базары менен күрөшүү оор болуп жатканын айтат.

«Телеграм-каналдар пайда болгон. Жайында деле көтөргөнбүз бул маселелерди. Ошол көмүскө, лицензиясыз акча алмаштыруу жайлар спекуляция кылбасын деп Улуттук банк менен биргеликте иш алып барып атабыз. Март-апрель айларында болгон доллардын тартыштыгы азыр деле байкалууда. Анткени, бүгүнкү күндө долларга суроо-талап көбөйүп, сунуш азыраак болуп атат. Күрөш сөзсүз түрдө оор болууда. Ал жакта Телеграм каналдарда 25-30 миңге жакын киши отурат экен. Анан алардын ар бирин кармай албай экенсиң. Мыйзамдуу иштеп атабы, мыйзамсыз иштеп атабы белгисиз. Негизи, ар бир кардар коопсуздук маселесин ойлонуш керек. Анткени, ал жерде соода кылып жаткан адам, канча доллар же канча рубль сатса дагы жасалма болуп калбайбы, башка чаап бирөө алып койбойбу деген коркунуч деле бар да. Анткени, ал кайсы жерде отурат, кеңсеси мыйзамдуубу-мыйзамсызбы, белгисиз».

Калктын капчыгынан туйтунгандар

Валюта базарындагы башаламандык менен көмүскө сооданын көбөйүшү калктын капчыгы менен товардын баасына кандай таасир этет? Чет өлкө акчаларынын тартыштыгынан ишкер чөйрө кандай арга табууда? Мына ушул суроолорго бир ишкердин мисалында жооп издеп көрөлү.

Айыл-чарба товарларын дүңүнөн импорттоп иштеген ишкер Нарбек накталай долларды адатта «кара базардан» жогору курс менен алмаштырып жүрүшкөнүн, доллардын кымбаттыгы товардын наркына отурарын белгиледи.

«Доллардын курсу 87 сомго чыгып атат. Алмаштыруу жайлары долларды 87,50дөн 87,70ке чейин сатып алып, 87 сомдон сатып атат. Кечээ курс ошондой эле. Биз болсо доллардын курсун 87-88ден эсепке алып иштейбиз да. Биз алмаштыруучулар менен дайым иштейбиз, аларда акча бар да. Азыр алмаштыруу жайларында 84,50дөн алып 85,50дөн сатууда турат. Бирок, издесең "жок" дейт. Аларга курс туура келбейт өзү. Улуттук банк көзөмөл кылган үчүн эле коюп койгон. Буга дээрлик бир жыл болуп калды, андан да өттү. Былтыр доллар секирип 120 сомго чейин чыгып кетти го. Ошондон кийин Улуттук банк көзөмөл кыла баштагандан бери болуп атат. Негизи Кыргызстанда эле эмес, бүт жерде эле ушундай. Мисалы, банктар деле сага 50-100 миң доллар сатат. Бирок, тактайда турган курс менен эмес, башка курс менен сатат. Кыскасы, мындайча айтканда, акча кылып атат да. Карапайым калкка эле кыйын болуп атат».

Ишкер ыңгайын тапсаң кадимки коммерциялык банктардан да көмүскө курс менен валюта алмаштырууга болорун кошумчалады.

«Кара базардын»​ кесепети кандай болот?

Эксперттер мамлекет валюта базарын административдик ыкма менен жөнгө салууга аракет кылып жаткандыктан, азыркыдай жагдай жаралып жатканын белгилешет. Алар акча курсун рыноктук эрежелер өзү жөнгө салса «кара базарлар» минтип коолап-чайламак эмес дешет.

Финансы иштери боюнча эксперт Кубан Чороев мындай «кара базардын» келип чыгышын накталай жана накталай эмес валютанын ортосундагы тең салмактын бузулушуна байланыштырат.

«Мисалы, Орусия менен соода кылып аткан айрым ишкерлер болобу же жеке компаниялар болобу – алар көбүнчө накталай акчаны талап кылып аткандыктан, суроо-талап өтө жогору болуп атат. Ал эми банк сектору ошол накталай эмес акчаны накталай акчага айландырууда ортодо кыйынчылыктар жаралууда. Анткени, суроо-талап өтө чоң болуп кеткен. Анан, ортодо көмүскө базар деп пайда болуп атканы ошондон. Бүгүнкү күндө көмүскө базардагы реалдуу сооданын курсу көчөдө илинип турган тактайлар менен келишпейт. Эмне үчүн келишпейт? Анткени, Улуттук банк аларды кол менен көзөмөлдөп турат. Ал эми реалдуу операциялар башка курстар менен жүрүп жатат».

Финансылык талдоочу Арсланбек Кененбаев өлкөнүн валюта базарындагы жаралган жагдайдан алмаштыруу жайларынан мурда коммерциялык банктар болуп көрбөгөндөй жогору пайда таап жатышканын айтат.

“Биз талдап көрдүк. Банктардын насыядан тапкан пайыздык кирешеси тогуз айда 26% өстү. Бирок, жалпы пайдасы 5,5 эсеге көбөйдү. Анткени, азыр валютадан тапкан киреше көп. Мындан тышкары, операциялык киреше көп болууда. Анткени, Орусияга абдан көп акча кетип атат. Анан, алмаштыруу операцияларынан түшкөн пайда көп. Ошондуктан, биз азыр банктар валюталык операциядан көп акча таап жатышканын көрүп атабыз. Алмаштыруу бюролорунун масштабын биз такыр билбейбиз. Алар абдан чоң акча таап атышат, бирок, эч ким билбейт канча экенин. Анткени, алар көбүнчө көмүскө жол менен иштеп атышат. Мамлекеттик жөнгө салуу туура эмес болсо, анда көмүскө базар болот. Азыр болсо Улуттук банк алмаштыруу бюролорун катуу кармап, аларга «баланча курсту кармайсыңар» деп айтат. Ошондуктан, ушундай болуп атат. А бул жакта административдик жөнгө салуу эмес, рыноктук жөнгө салууну кошуш керек. Азыр болсо акча базары чакан, жыйырма эле банк иштеп атат. Керек болсо алмаштыруу бюролору, экспортер-импортерлор банк аркылуу иштеп атышат. Ошондуктан, азыр банктар бүт пайданы көрүп атышат. Биз болсо көмүскө базар менен иштей беребиз”.

Талдоочу Улуттук банктын валюталык системасы туура эмес жолдо баратканын, кырдаалдан чыгуу үчүн башка өлкөлөрдөй болуп валюталык биржа түзүү зарыл экенин айтат. Валюталык биржа иштесе банктардын акча курсунан бир нече эселеп пайда табуу жолу торолуп, карапайым эл жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу аянтча жаралмак дейт.

«Валюталык операциялардан банктар эбегейсиз пайда табууда»

Арсланбек Кененбаев жетектеген BNC Finance инвестициялык компаниясы Кыргызстандагы «Кыргызстан Банк», «Бакай Банк», «Айыл Банк», «Оптима Банк», «Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» жана «РСК Банк» өңдүү 6 ири коммерциялык банктын он айда валюталык операциялардан тапкан таза кирешелерин талдап чыккан. Маалыматтар коммерциялык банктар менен Улуттук банктын сайттарындагы ачык булактардан чогултулган. Жыйынтыгында аталган банктар 2022-жылы валюталык операциялардан алды 3,5 млрд. сомдон ашуун, арты 600 млн. сом таза пайда көрүшкөнү аныкталган. Бул суммалар алардын 2021-жылдын он айында валюталык операциялардан тапкан кирешелеринен он эселеп ашып түшөт.

Ошентип, BNC Finance инвестициялык компаниясынын маалыматына ылайык, жалпысынан кыргыз банктарынын 2022-жылдын январь-сентябрь айларындагы пайыздык эмес кирешеси былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 539% өскөн. Банктар 2021-жылдын тогуз айында валюталык операциялардан 11 млрд. 11 млн. сом таза киреше тапкан болсо, 2022-жылдын январь-сентябрь айларында 59 млрд. 302 млн. сом пайда көргөн. Ал эми насыялардан тапкан пайыздык кирешеси 26% өскөн.

Улуттук банк суроо-талап жогору болгон учурда валютанын курсунун кескин серпилүүсүнө жол бербөө үчүн интервенцияларды жүргүзүп келет. Мекеменин маалыматына ылайык, 2022-жылдын башынан бери жети жолу интервенция менен чыгып, жалпысынан 400 миллионго чукул доллар саткан. Ал эми апрель-июнь айларында тескерисинче 190 млн. долларды кайра сатып алган.

Коммерциялык банктар менен акча алмаштыруу жайлары 6-декабрда АКШ долларынын курсун дагы бир сомго көтөрүп, 86 сомго чыгарды.

XS
SM
MD
LG