Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:23

Банктар маселеси парламентте көтөрүлдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коммерциялык банктардын кардарларды тейлөө, акча которуулар маселеси бүгүн 8-декабрда Жогорку Кеңеште Улуттук банктын жетекчилиги менен талкууланганы жатат. Депутат Алишер Козуев коммерциялык банктардын ишин көзөмөлдөөдөгү Улуттук банктын ролу тууралуу айтып, мекеменин өкүлдөрүн чакырууну сунуш кылды:

“Акыркы күндөрү банктарга элдин нааразылыгы күчөп жатат. Коммерциялык банктар ич ара сүйлөшүп алып, жазылбаган мыйзамдар менен иштеп жатышат. Кошумча тейлөөлөрүн көрсөтүп, элди алдап жатат. Ошон үчүн келип, кеңири суроолорго жооп берсе”.

Парламент төрагасы Нурланбек Шакиев бул эң маанилүү маселелердин бири болуп жатканын белгилеп, бүгүн өкмөттүн катышууусу менен республикалык бюджет караларын, ага Улуттук банк да чакырылганын кошумчалады.

Улуттук банк Кыргызстандын валюта рыногундагы азыркы абалды салыштырмалуу туруктуу деп баалап жатканын мекеменин басма сөз кызматы “Азаттык” радиосуна 22-ноябрда билдирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG