Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Конституциялык соттун курамы эки аял судья менен толукталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Конституциялык сотунун курамы эки аял судья менен толукталды. 7-декабрда Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун судьяларынын кызмат ордуна Чынара Айдарбекова менен Лунара Жолдошеванын талапкерлигин карап, экөөнү тең колдоду. Шайланган жаңы судья айымдар ант беришти.

Конституциялык сот тогуз судьядан турат. Буга чейин анын курамында бир гана аял судья бар болчу.

Кыргызстанда бийлик органдарында соңку жылдары гендердик баланс сакталбай, аялдар аз же такыр эле жок мекемелер көп экенин укук коргоочулар жана серепчилер айтып келишет.

Конституциялык сот конституциялык көзөмөл жүргзүүчү сот бийлигинин жогорку органы жана ал бардык башка коомдук бийликтен көз каранды эмес. Судьялары Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушу менен шайланат. Төрагасын президент Судьялар кеңешинин сунушу боюнча жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан кем эмес добушунун макулдугу менен беш жылдык мөөнөткө дайындайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG