Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Казакстан: Жылуулуксуз калган Темиртоо шаарында эл кол топтоодо


Темиртоо шаарындагы үйлөдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Темиртоо шаарындагы үйлөдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Темиртоо шаарында батирлерге жылуулук талапка ылайык берилбей жатканына байланыштуу нааразылык чыгууда. “Азаттыктын” казак кызматы билдиргендей, 178 миң калкы бар шаардын айрым жерлеринде көп кабат үйлөрдө жылуулук жок экенин айткан адамдар жергиликтүү бийликке каршы кол топтоп, сотко арыз даярдап жатышат.

7-декабрдын кечинде тизмеге кол койгондордун саны эки миңге чамалаган. Президенттик администрацияга жолдогон кайрылуусунда шаар тургундары жергиликтүү жетекчилерди алмаштырууну, компетенттүүлөрдү дайындоону талап кылышкан. Соңку маалыматка караганда, шаардын акими Ораз Таурбековго жана дагы эки жетекчиге сөгүш жарыяланды.

Суук түшкөндөн бери Казакстандын айрым шаарларында жылуулук системасы иштебей, көйгөй жаралууда. 130 миң адам жашаган Экибастуз шаарында 30 градус суукта дээрлик эки аптадан бери Жылуулук электр борборундагы авариянын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Ал жакта өзгөчө кырдаал жарыяланган. Ушул сыяктуу эле абал Риддер, Петропавловск, Шахтинск жана Абай шаарларында түзүлгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG