Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кыргыз-тажик чек арасы: 17 чакырым боюнча мунаса табылды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору чек арада дагы 17 чакырымдан ашык тилкени аныктоону макулдашты. Эки өлкө мунаса тапкан жерлердин көбү Баткендин Лейлек районуна туура келет.

Бул быйыл сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки көзгө көрүнөрлүк жылыш катары бааланууда. Жакында эле президент Садыр Жапаров кошуна өлкө менен чек араны тактоо иштери жанданганын айткан. Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара сызыгын макулдашкандан кийин Тажикстан чек ара боюнча мунаса табыла элек жалгыз өлкө болуп калды.

Соңку жолугушуунун жыйынтыгы

Баткен шаарында 1-6-декабрь күндөрү Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топтору жолукту.

Министрлер кабинетинин чек ара боюнча өкүлү Назирбек Бөрүбаев “Азаттыкка” билдиргендей, тараптар чек арадагы 17,66 чакырым тилкени аныктоону макулдашты. Ал мунаса табылган жерлер дээрлик Лейлек районунун аймагында экенин айтып, бирок алар кайсы тилкелер экенин тактаган жок.

“Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасынын 17,66 чакырымын тажик тарап менен макулдаштык. Бул ушунча тилке жумушчу топтордун деңгээлинде такталды, бүттү деген сөз. Булар эми жалпы жыйында бекилгенден кийин анан күчүнө кирет. Азыркы сүйлөшүүлөрдө ушундай жыйынтыкка жетиштик. Бул эми негизинен Лейлек районунун аймагында”.

Баткен облусунун Лейлек району Тажикстан менен чек арада чыр чыккан сайын эң көп жабыр тарткан аймактардын бири. Быйыл сентябрь айындагы куралдуу кагылышта 100дөн ашык турак жай өрттөлүп, талкаланган. Жергиликтүү тургундар жаңжалда үйүн таштай качып убактылуу жер которууга аргасыз болушат.

Бул жолку жолугушууда жетишилген 17,66 чакырым тилке сентябрь айында болгон чек арадагы куралдуу кагылыштан кийинки кыргыз-тажик чек арасын тактоого байланыштуу эң чоң жылыштардын бири катары бааланууда.

Жумушчу топтордун акыркы жолугушуусу тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги да маалымат таратып, кыргыз тарап менен 17,66 км жер боюнча макулдашуу жетишилгенин билдирди.

Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев Лейлектеги чек ара чыры көп чыккан аймактар тууралуу буларды айтты.

“Кулунду айыл аймагында чек ара көйгөйү Максат айылында, Сай участкасында, Раззаков, Сада айылдарында жана башка көп жерде бар. Көбү шахмат түрүндө жайгашып калган. Чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жумушчу топ айыл өкмөт, айылдык кеңеш менен кеңешкен жок. Жумушчу топто Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери бар экен. Ошолор иштеп жатат. Маселени эки мамлекеттин президенттери келишип туруп эле чечпесе бул өтө оор”.

Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттөрүнүн топографиялык жумушчу топтору 2023-жылдагы иш графигин такташып, кийинки жолугушууну Тажикстанда өткөрүүнү да макулдашты.

Назирбек Бөрүбаев чек араны тактоо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөрүнүн жумушчу топтору Баткен районундагы Төрт-Көчө аймагы боюнча да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстан менен Тажикстандын жашоочулары жана аскерлеринин ортосундагы бир канча жаңжал дал ушул аймакта орун алганы белгилүү жана ал эки өлкөнүн чек арасын аныктоодогу эң бир талаштуу тилкелердин бири. Анткени кыргызстандыктарга Төрт-Көчө деген ат менен белгилүү ал жерден Кыргызстандын Баткен - Исфана жана Тажикстандын Ворух анклавына алып барган жолу кесилишет. Ошондуктан ал стратегиялык мааниге ээ.

Кыргызстан Тажикстан менен гана чек арасын чече элек

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин 17-ноябрдагы жыйынына катышкан учурда Төрт-Көчө тилкесине нейтралдуу аймак макамы берилип жатканын билдирип, анын айланасында Тажикстандан 20га жакын, Кыргызстандан үч-төрт турак жай алынарын айткан.

Кыргыз бийлиги Тажикстан менен чек араны тактоо иштеринде мунаса табылып жатканын акыркы айда бир нече жолу кайталады. 18-ноябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы (УКМК) Камчыбек Ташиев “Регион” телеканалына курган маегинде, Тажикстандын бийлиги менен сүйлөшүүлөр тууралуу мындай деген:

“Мурда биз жалаң тирешүү менен кепке келе албай келген болсок, азыр бир аз тил табыша баштадык. Бири-бирибизге чечиле турган жактарын көрсөтүп, мунасага келдик. “Силер бул жерди алгыла, биз бул жерди алалы, силерге бул жер керек болсо, бизге анын ордуна бул жерди бергиле” деп Тажикстан менен сүйлөшүп чечип атабыз. Протоколдорго кол коюлду, мамлекеттик макулдашууларды жүргүзүп ала турган болсок, аны парламентте ийне-жибине чейин талкуулап, анан депутаттарыбыздын макулдугу менен кабыл алабыз. Президенттер кол коёт, анан маселе чечилет”.

Президент Садыр Жапаров 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча сунуш парламентке жыл соңуна чейин берилерин айткан. Коңшу өлкө менен болгон чек ара сүйлөшүүлөрү жөнүндө 26-ноябрда Элдик курултайда да сөз кылган.

“Тажикстан менен алдын ала сүйлөшүүлөргө жетиштик, бирок кол коё элекпиз. Эки тарап тең макул болдук. Камчыбек Кыдыршаевич (Ташиев) барып, алдын ала кол коюп келди. Эми алар жакын арада бизге келишет, кол коюшат. Андан кийин биз аны парламентке алып барабыз, буга чекит коёбуз. Азыр биз алар менен “ок атышпайлы, жаңжал чыгарбайлы” деп сүйлөшүп жатабыз”.

Диаолог жанданып, жумушчу топтор жолугуп жаткан тапта кыргыз-тажик чек арасында 3-декабрда эки тараптын жарандарынын ортосунда чыр чыгып, бири-бирине таш ыргытуудан эки өлкөнүн бирден жараны жараат алды. Бул окуяны тараптар чогуу иликтемей болду.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 км такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келет. Быйыл 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.

Кыргызстан төрт өлкө - Казакстан, Кытай, Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешет. Кытай жана Казакстан менен чек ара сызыгы буга чейин эле толук такталып бүткөн.

Расмий Бишкек Өзбекстан менен мамлекеттик чек аранын буга чейин такталбай келген 15% же 312 чакырымын жакында макулдашып, аны эки тараптын парламенттери мыйзам менен бекитти. Келишимге президент Садыр Жапаров 29-ноябрда кол койсо, өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгону 30-ноябрда жарыяланды.

Эми Кыргызстан үчүн чек араны тактоо иштерин бир беткей Тажикстан менен жүргүзөт. Бирок бул Кыргызстан үчүн чек аранын эң оор тилкеси бойдон калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG