Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2022 бейшемби, Бишкек убактысы 06:08

ЖККУ саммитинде кыргыз-тажик чек арасы сөз болду


Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин лидерлеринин жыйыны. 23-ноябрь, 2022-жыл. Ереван.

Армениянын баш калаасы Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун кезектеги саммитти өттү. Анда Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян уюмду кескин сынга алса, беларус лидери Александр Лукашенко тажик президентине таянып, кыргыз-тажик чек арасындагы талаштуу маселелерди чечүүдө жылыштар бар экенин билдирди. Саммит ЖККУга каршы митинг менен коштолду.

23-ноябрда Армения, Беларус, Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын лидерлери Ереванда алгач тар чөйрөдө жолугушуу өткөрдү. Беларустун башчысы Александр Лукашенконун айтымында, анда биринчи жолу алар ачык сүйлөшө алды. Ал ошондой эле жыйында Кыргызстан менен Тажикстан чек арасындагы кырдаал тууралуу сөз болгонун да айтты.

"Эмомали Шариповичтин (Рахмон - ред.) айтканына караганда, Кыргызстандын президенти менен биргеликте алдыга олуттуу жылыштар бар. Эгер биз олуттуу, чыныгы уюм болууну кааласак, биз жаңжалдарды токтотушубуз зарыл. Өз ичибизде ушундай суроолорду чечип, алдыга жыла албасак, анда биздин колубуздан эмне келет? Ошондуктан бул багытта олуттуу кадамдар бар", - деди Лукашенко.

Тажик президенти Эмомали Рахмон кандай жылыштар тууралуу айтканы белгисиз. Анын расмий сайты жарыялаган маалыматта бул тууралуу айтылган эмес. Болгону Рахмон тажик-ооган чек арасынын бекемдөө маанилүү экенин айтканы жазылган. Кыргызстандын президентинин сайтында да чек ара туралуу маселе көтөрүлгөнү белгиленген жок.

Расмий маалыматка караганда, Кыргызстандын лидери Садыр Жапаров өзгөрүлүп жаткан кырдаалга өз убагында жооп кайтаруу үчүн кызматташууну ырааттуу активдештирүү зарыл экенин билдирген.

Ал эми уюмдун баш катчысы Станислав Зась ЖККУ Тажикстан менен Кыргызстандын чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга көмөк көрсөткөнгө даяр экенин айтты.

"Борбор Азия аймагында кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды турукташтырууга өзгөчө көңүл буруп жатабыз. Эгер Тажикстан менен Кыргызстан зарыл десе, ЖККУнун эки мамлекетине өз максатына жетүүгө жардам берүү үчүн керектүү ресурстары жана тажрыйбасы жетиштүү деп эсептейбиз".

17-ноябрда президент Садыр Жапаров парламенттеги сөзүндө Кыргызстандын Тажикстан менен чек арасын тактоо боюнча документтери өлкө парламентинин кароосуна жыл соңуна чейин сунуш кылынарын айткан эле.

“Кудай буюрса, Тажикстан менен чек ара тилкелерибизди бүтүрөбүз. Тоскоолдуктар болбосо жаңы жылга чейин бүтүрүп алып келебиз деп жатабыз", - деген Жапаров.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. 664 чакырым боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери 2022-жылдын апрель айында ырасташкан.

Кыргызстанда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байланыштуу пикир бир кылка эмес. Бул айрыкча эки жыл катары менен болгон кыргыз-тажик чек арасындагы кагылыштарда сезилди. Анда аймактык уюмдун кайдыгер позициясын сындашып, коопсуздук жаатында реалдуу уюмга айлана алган жок деген пикирлер айтылган.

ЖККУну сынга алган Пашинян

Уюмдун Ереван жардамга муктаж болгон маалда кол сунбай койгонун Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинян да сынга алды.

"ЖККУга мүчө мамлекет соңку эки жыл ичинде кеминде үч жолу Азербайжандын кол салуусуна кабылды. Ошентсе дагы ушул күнгө чейин биз Азербайжандын агрессиясы боюнча бул уюмдан эч кандай реакция уккан жокпуз. Бул албетте, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун беделине чоң сокку", - деди Армениянын өкмөт башчысы.

13-14-сентябрь күндөрү Азербайжан менен Армениянын чек арасында болгон куралдуу кагылышуудан кийин Ереван Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна жардам сурап кайрылган. Аскердик уюм кырдалды жеринен баалоо максатында Арменияга өз миссия жөнөтүү чечимин кабыл алган. Соңку кагылышууда эки тараптан үч жүзгө чукул киши курман болгон. Баку жаңжал үчүн Ереванды айыптап келет. Саммиттин соңунда Пашинян жыйынтыктоочу декларацияга кол коюдан баш тартканы маалым болду.

Лукашенконун айтымында саммитте Армения кол коюлчу документтерге кошумча киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал колдоо тапкан эмес. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУдан чыгышы тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок "лидерлер орток пикир таппаган учурлар" болгонун ырастап, муну "азыркы жагдайдын кыйынчылыктары" менен негиздеди.

Уюмдун ишинде кемчиликтер бар экенин Орусиянын президенти Владимир Путин да мойнуна алды.

"Биз албетте, бир гана жетишкендиктерди эмес, кемчиликтерди да көрүп турабыз. Бул тууралуу жабык жыйында дагы сүйлөшөбүз"-деди Путин.

Саммит өтүп жаткан маалда Ереванда Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна каршы эки жерде акция өттү. Митингдердин бирин жарандык активисттер, башкасын "Улутчул-демократиячыл полюс" деп аталган оппозициячыл альянс уюштурду. Алар Еревандын бул уюмдан чыгышын талап кылды.

"Бул Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун акыркы күндөрү. Бул Путиндин Арменияга акыркы жолу келиши. Болду, Армения мындан ары Орусия үчүн жабык болот. Биз террордук, колу канга боелгон мамлекеттер менен кызматташпайбыз", - деди жарандык активисттердин бири Гарегин Чукасян.

Уюмдун кезектеги жолугушуусу Орусия Украина менен согушуп жаткан учурда өттү. Анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

Ереван саммитин жыйынтыктаган декларацияга Пашинян кол койгон эмес. Бул тууралуу армян өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Беларус президенти Александр Лукашенко саммитте Армения кол коюлчу документтерге кошумча киргизүүнү сунуштаганын, бирок ал колдоо таппаганын айткан.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков саммиттин жыйынтыгы тууралуу комментарий берип жатып, Армениянын ЖККУдан чыгышы тууралуу сөз болбогонун билдирди. Бирок "лидерлер орток пикир таппаган учурлар" болгонун ырастап, муну "азыркы жагдайдын кыйынчылыктары" менен негиздеди.

Үч жыл уюмда баш катчылыкты аркалаган Станислав Зась эмдиги жылы бул кызматты казакстандык саясатчы Имангали Тасмагамбетовго өткөрүп бермей болду. Ал эми уюмда төрагалык кылуу Армениядан Беларуска өттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG