Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:54

Орусияга каршы санкциялардын кезектеги пакети иштелип чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Европа Биримдиги Орусияга каршы санкциялардын тогузунчу пакетин сунуш кылды. Орусия Украинага кол салганы үчүн жарыяланып келаткан санкциялардын бул жолку топтомуна 200 адамдын жана мекеменин тизмеси кирди.

Еврокомиссиянын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Орусиянын үч банкына каршы санкцияларды, экспорттук көзөмөл жана айрыкча химикаттар, нервди шал кылуучу каражаттар, электроника жана IT-компоненттер сыяктуу кош багыттагы товарларды чектөө боюнча жаңы чараларды колдой турганын билдирди.

“Орусия Украинага өлүм жана талкалоо алып келүүсүн улантууда. Кыш мезгилинде өлкөдөгү жашоону токтотуу максатында жарандык инфраструктураны, элди бутага алууда”, - деди фон дер Ляйен.

Санкциялар иштей башташы үчүн уюмга мүчө болгон 27 өлкөнүн колдоосу талап кылынат.

Буга чейинки сегизинчи пакет 5-октябрда жарыяланган болчу. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG