Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:24

Мыйзамсыз баюуга шек саналган Жогорку соттун судьясы иштен кетти


Камил Осмоналиев.
Камил Осмоналиев.

Жогорку соттун судьясы, мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып, камалып чыккан Камил Осмоналиев өз каалоосу менен иштен кетүүгө арыз берген. Жогорку Кеңеш анын арызын 7-декабрдагы сессияда карап канааттандырды.

Осмоналиев 2020-жылдын аягында мыйзамсыз баюу боюнча айыпталып камакка алынган. Анын үйү мамлекеттин балансына өткөн. 2021-жылы мамлекетке 70 миллион сом төгүп абактан чыккан.

Атайын кызмат тараткан маалыматта Осмоналиев киреше булактары жок туруп көптөгөн кыймылсыз мүлктү, Ысык-Көлдүн жээгиндеги пансионаттардан коттеждерди, соода борборлорунан коммерциялык объектилерди жана люкс-класстагы автоунааларды сатып алып, башка кишилерге каттатканы айтылган.

Былтыр 20-январда парламент Камил Осмоналиевди Жогорку соттун судьялыгынан убактылуу четтеткен. Анын үйү Улуттук "Манас" театрына кеңсе катары берилген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG