Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:51

ЖКда депутат Бакировдун иш бөлмөсүнө байланышкан маселе кайра көтөрүлдү


Өмүрбек Бакиров.
Өмүрбек Бакиров.

Жогорку Кеңештин 7-декабрдагы сессиясында “Элдик” депутаттар тобунун жетекчиси Акылбек Түмөнбаев Өмүрбек Бакировдун иш кеңсеси жок жүргөнүн айтып, төрага Нурланбек Шакиевди калыс болууга чакырды.

"Ата Журт" фракциясы менен “Мекенчил” тобу өз билемдик кылып жатат. Нурлан Тургунбекович, сиз мындай мыйзамсыз иш кыла берсеңиз, сиздин дагы кызматтык ордуңузду карайбыз. Анткени төрт чарчы метр залды “Мекенчилби”, “Ата Журтпу”, ошолордун катчылыгына берип, 709-кеңсени дагы катчылыгыңарга берип, 7-кабатта ким отурса баарын ылдый түшүрөбүз деп жатасыңар”, - деди депутат.

Шакиев бардык депутаттарга бирдей, калыс мамиле жасап жатканын белгилеп, спикердин кеңсе бөлүштүрүүгө укугу жок деген жооп кайтарды.

“Өткөндө комиссиянын жыйынтыгында Гуля Акматкуловна (ред.: депутат Кожокулова)да айтты: төрагага бир жобо иштеп бергиле... Мен ошонун негизинде 7-кабатка ким отурат, кимдер отурушу керек баарын тез арада жасап бергиле дедим. Ошого жараша иретке келтирели деп... Азыр иш бөлмө бөлүштүргөнгө, ким кайсы жерде отурарын аныктаганга эч кандай жобо, эреже жок. Бул бир. Экинчиси - депутат Бакировго 6-кабаттан иш бөлмө берилиптир, бирок ал кабинетке кирбей жүрөт экен. Мен сурадым, эмнеге иш бөлмөсү жок жүрөт деп”, - деди ал.

Спикер депутат Бакиров боюнча атайын комиссиянын жыйынтыгы чыкканын кошумчалады.

“Ата Журт-Кыргызстан” фракциясынын башчысы Бакыт Сыдыков Түмөнбаевдин айыптоосуна мындай жооп берди:

“709-бөлмө Элмурза Сатыбалдиевдин кеңсеси болчу. Ракиевич “Мекенчил” тобунун лидери болуп кеткенден кийин 704-бөлмөнү аксакал деп ошол кишиге бошотуп бердим. Өзүм 709-бөлмөгө кирдим. Мунун эмнеси жаман? Катчылык 13 чарчы метр жерде 4-кабатта отурат”, - деди Сыдыков.

Бир нече депутат мындан кийин чарбалык иштерди жабык талкуулоону сунушташты. Өмүрбек Бакиров өзү кеңсеге байланыштуу маселе прокуратуранын текшерүүсүнөн кийин чечилерин билдирди.

"638-кабинетти берген экен деп айттыңыз. Прокуратурадан тергөө тобу келип, менин кабинетимдеги, документ-буюмдарды кайра мага эсептеп өткөрүп бермейинче, мен кайсы бир кабинетке кире албайм. Жарым буюмум башка, дагы жарымы башка кабинетте болсо, мен тергөөгө тоскоолдук кылган болуп калам. Алар менин буюмдарымды мага өткөрүп бериши керек. Мени кабинетимден чыгарганга эч кимдин укугу да, акысы да жок", - деди депутат.

Бакиров Ак үйдүн 7-кабатындагы кызматтык бөлмөсүнөн ноябрда чыгарылган.

Интернеттеги социалдык түйүндөрдө депутаттын кызматтык бөлмөсүнөн буюм-тайымдары сыртка чыгарылып койгону тартылган видеолор тарап, бул окуя Бакиров 17-ноябрда кыргыз-өзбек чек арасы талкууланып жатканда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев менен кайым айтыша кеткенден кийин болуп жатканы тууралуу комментарийлер жарыяланган.

Жогорку Кеңеште эки күндүк кызуу талаш-талкуудан кийин 24-ноябрда Бакировдун иш бөлмөсү боюнча окуяны иликтөө үчүн депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия Президенттин иш башкармалыгынын жетекчилиги анын депутаттык кол тийбестигин одоно бузган деп таап, Башкы прокуратурага аларга карата жазык мыйзамдарына ылайык катуу чара көрүү тапшырмасын берген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG