Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:52

Лицензиясыз акча алмаштыруу менен алектенген эки жаранга айып салынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук банк Ысык-Көл облусунун эки тургунуна лицензиясы жок акча алмаштыруу операциялары менен алектенгенине байланыштуу айып салынганын билдирди. Ага ылайык, ар бири 17,5 миң сомдон төлөйт. Аптанын башында ушундай эле айып дагы бир жаранга салынган.

Буга чейин лицензиясы жок акча алмаштыруу жайларын текшерүү жүрүп жатканы маалымдалган. Улуттук банк жыл башынан бери коммерциялык банктарга 116 жолу текшерүү жүргүзүп, жыйынтыгында 100гө жакын эскертүү-сунуштама берген. Анда кардарды тийиштүү деңгээлде тейлөө, банктык милдеттерди аткаруу, сырттан которулган, эсебиндеги акчаны ошол валютада берүү өңдүү талаптар айтылган.

Акча алмаштыруу жайларына байланыштуу 90дой текшерүү жүргүзүлүп, алардын 29унун лицензиясы алынган. Жалпысынан 14 адамга бир миллион сомдон ашык айып салынган.

Кыргызстанда ири суммадагы соода-сатык, насыя, бизнес негизинен АКШ долларына байланган. Учурда накталай доллар тартыштыгы, банктардагы чектөөлөр, кошумча комиссия акысы ишкерлерге түйшүк жаратып, айрымдарынын кирешесин азайтканын айтып жатышат.

Каржы базарындагы олку-солку кырдаалда коммерциялык банктар мурункуга караганда көп киреше тапты. Валюта рыногунда көмүскө базар пайда болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG