Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

"Үмүт жана Ко" фирмасынын ээси ири курал сактоого шек саналып жатат


"БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.
"БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) сүт азыктарын чыгарган "Үмүт жана Ко" ишканасынын ээси, А.Ж.Т. аттуу 1970-жылкы жаран мыйзамсыз курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат сактаган деген айып менен кармалганын билдирди.

Маалыматка ылайык, анын үйүн жана иштеген жерин тинтүүдө "БРДМ-2" үлгүсүндөгү аскер техникасы, танканын үстүнө орнотулган "Калашников" үлгүсүндөгү пулемет баштаган бир топ курал-жарак, ок-дары жана жардыруучу зат алынган. Атайын кызмат тараткан кабарда, кармалган жаран "такай аскер формасын үстүнөн түшүрбөй кийип жүрөрү, агрессияга жакын экени" белгиленген.

Учурда бул фактыга байлыныштуу кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө уланып жатат.

Маалыматтарга караганда, "Үмүт жана Ко" фирмасынын ээлери ага-ини Кайрат жана Журат Абдуллаевдер. Алар Токмоктогу "Гавайи" ири эс алуу жайынын кожоюндары катары белгилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG