Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:18

Аскер институтунун бир жоокери октон каза болду


Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.
Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.

Коргоо министрлиги Аскер институтунун бир жоокери октон каза болгонун билдирди. Анда 2003-жылы туулган аскер 18-августта кечинде күзөттө турганда куралы атылып кетип, алган жараатынан ошол жерде жан бергени айтылат.

Бул фактыга байланыштуу Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы териштирүү баштады. Маалыматтарга караганда, каза болгон жоокер Каракол шаардык аскер комиссариаты аркылуу армияга чакырылган.

Коргоо министри Бактыбек Бекболотов "Азаттыкка" учкай комментарий берип, окуя иликтеп жатканын, бардык жагдайлар териштирилгенден кийин маалымат берилерин айтты.

Өткөн айдан бери ушуну менен кызмат өтөп жаткан төртүнчү аскер каза болду.

17-августта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Ош шаарындагы 703-аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан аскер каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга ылайык, бир айдан кийин армиядагы мөөнөтү бүтүп үйүнө кайтканы жаткан бала жүрөк оорудан көз жумган. Бирок анын атасы уулунун саламаттыгы чың болгонун айтып жатат.

Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек.

Өткөн айда Акыйкатчы институту атайын жумушчу топ түзүп, соңку беш жыл ичиндеги жоокерлердин өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулук иликтенерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG