Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:41

Харьков: ракеталык чабуулдарда мерт болгондордун саны 17ге жетти


Орус аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген.
Орус аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген.

Украинанын Харьков шаарынын Салтовка районундагы соңку ракеталык чабуулдарда бери дегенде 17 киши мерт болуп, дагы 42 тургун жараат алды. Бул тууралуу облустун губернатору Олег Синегубов кабарлады.

Мунун алдында украин президенти Владимир Зеленский Телеграммдагы баракчасына аткылоодон жабыркаган имарат жатакана экенин жазып, чабуулду “жарандык объектилерге күтүүсүз кол салуу” деп атаган.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьковго “жогорку тактыктагы курал” менен чабуул жасалганын ырастап, “жалданма чет өлкөлүк жоокерлердин убактылуу базасы” бутага алынганын билдирген.

Орус аскерлери президент Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда Украинанын аймагына басып кирген. Аскердик кол салуунун максатын ал Украинаны “денацификациялоо” жана “демилитаризациялоо” деп атаган, бирок анын жөнүн так түшүндүргөн эмес. Эл аралык коомчулук Москваны кол салууга айыптап, бир катар мамлекеттер санкцияларды киргизген.

XS
SM
MD
LG