Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:47

Камактагы Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтилгени кабарланды


Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.
Ырыс Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган.

"Баштан башта" кыймылы камактагы блогер Ырыс Жекшеналиевдин үйү тинтүүгө алынганын билдирди. Аталган кыймылдын Телеграм каналына жарыяланган видеодон бөлмөнүн чачылып жатканын көрүүгө болот жана аны тарткан адам тинтүү 18-августта кечки саат 6.20да болгонун айткан.

Ички иштер министрлиги буга байланыштуу азырынча түшүндүрмө бере элек.

Фейсбуктагы "Полит Узник" баракчасынын администратору, 19 жаштагы Жекшеналиев 14-августтун кечинде милицияга бир нече саат сурак бергенден кийин камалган. Буга Улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону аталган баракчага жайгаштырганы негиз болгон.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин ("Калайман башаламандык") 3-бөлүмүнө ("Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар") ылайык кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров анын алдында аталган кенге байланыштуу кайрылуу жасап, Жетим-Тоону иштетүүгө азыр өлкөнүн даярдыгы жоктугун айткан жана укук коргоо органдарына жалган маалымат тараткандарга чара көрүүнү тапшырган.

Нарын облусундагы Жетим-Тоо темир кенин иштетүү - 2020-жылдын октябрь айындагы элдик толкундоодон кийин өлкө башына келген бийликтин демилгеси. Алар кен казуу жолу менен тышкы карыздан кутулса жана экономиканы көтөрсө болорун айтып келет. Кийин жарандык активисттер "Жетим-Тоо темир кенин коргоо" кыймылын түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG